Эне сүтүнүн аздыгы эмнеге байланыштуу?

Эне сүтүнүн аздыгы эмнеге байланыштуу?
7-Май 2019, Шейшемби, 16:46

Айрым учурда ата-энелер ымыркайынын эмне себептен ыйлап жатканын деле түшүнбөй калат. Адистер муну баланын эне сүтүнө тойбой жаткандыгы менен байланыштырат.

Эне сүтү бала үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Ансыз да бала алты айга чейин жалаң эненин сүтүн эмип чоңойгон жакшы экендигин педиатрлар айтып келет.

Кандай учурда эненин сүтү аз болот?

-Эгерде эне психологиялык жактан кыйын абалга дуушар болсо

-Жетишээрлик тамактанбоосу

-Эмизүүнү кеч баштоосу

-Энеде гормоналдык өзгөрүүлөрдүн болуусу

-Балага толук кандуу мээрим төкпөөсү сыяктуу себептер болушу мүмкүн.

-Эне сүтүнүн аздыгын кантип байкоого болот?

-Баланын жетишээрлик деңгээлде салмак кошпошу

-Бала эмчек эмгенден кийин деле ыйлагандыгын токтотпосо

-Күнүнө жок дегенде үч маал гаршокко отурбаса эненин сүтү аздыгынан кабар берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР