Баланы үйдө коопсуз кароо эрежелери

Баланы үйдө коопсуз кароо эрежелери
2-Июль 2019, Шейшемби, 15:37

Баланы кичинесинен баштап, эрезеге чоңойтуу ар бир ата-эненин милдети. Алардын эң көп кырсыкка кабылгандары: кокустан кулоо, кайнак сууга күйүү, отко күйүү, уулануу, үйдү тазалоочу каражаттарды кокусунан ичип алуу жана токко тартылуу болуп саналат.

Үйүңүздө кичине бала болгондо сөзсүз терезелерди жаап туруу, оор оюнчуктарды жогору койбоо, анын уктоочу бөлмөсүндө коркунучтуу бир нерселерди койгондон оолак болуңуз.

Бала кулаган учурда чуу салбаңыз!

Эгерде балаңыз кокусунан кулап, жыгылып, бир жерин сындырып алса, анда дароо баланы дагы коркутуп ызы-чуу салуунун кажети жок. Адистер мындай абалда өзүңүздү кармап, керектүү номурга чалууну сунуш кылат.

Үйдөгү кырсыктан оолак болуш үчүн, төмөнкү кеңештерге көңүл бөлүңүз!

-Химиялык дары-дармектерди оозун бекитип, балаңыздан узак тутуңуз

-Кичине балдарыңызды өзүн үйгө жалгыз калтырбаңыз

-Үйдө жана унааңызда балага керектүү аптечкаңыз болсун ар дайым

-Эшигиңизди ар дайым кулп менен кармаңыз

-Оюнчуктарды баланыңыздын жашына карата алып бериңиз

-Балаңыз жөрмөлөп баштаса, кооптуу жерлерди төшөк менен бекитиңиз

-Катуу сабиз, алма сыяктуу жемиштерди баланын өзүнө карматуудан этият болуңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!