Балдарды кене жана чиркей чагуудан коргойлу!

Балдарды кене жана чиркей чагуудан коргойлу!
3-Июль 2019, Шаршемби, 10:27

Аба-ырайы ысыган сайын балдарды кене, чиркей, курт-кумурска жана аарылардын чагуу коркунучу башталат.

Аары чакканда эмне кылуу керек?

Эгерде сиздин балаңызды аары чагып алса, анда ал жерди дароо тырмаганга, суу тийгизгенге болбойт. Аары чагып алган соң, балаңызда баш айлануу жана кусуу белгилери катталса, анда дароо дарыгерге кайрылыңыз.

Кене чаккандачы?

Негизи кене чакканда анын белгилери үч күндөн кийин байкалат экен. Аларды талаалардан, мал-жандардын айланасынан кездешетирүүгө болот. Кенелер көбүнчө апрель жана октябр айларында чыгат.

-Эгерде балаңызды аары чагып алса, анда анын ийнесин толук алганга аракет кылыңыз

-Аарылар үйгө учуп келбеш үчүн, үйүңүздөгү таттуулардын үстү ар дайым жабык турушу шарт

-Балдарыңыздын аарыга жана чөпкө аллергиясы болсо, анда сөзсүз бут кийим жана узун кийим кийип жүрүүсү абзел

-Чиркейден коргонуу үчүн лаванда майы сизге жардамга келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!