Таежеси жети жаштагы кызды аёосуз сабаган

Таежеси жети жаштагы кызды аёосуз сабаган
5-Июль 2019, Жума, 10:38

Ингушетияда таежеси жети жаштагы кызды катуу сабап салган. Тагыраак айтканда, 2012-жылы туулган кыз, 4-июль күнү оор абалда ооруканага жеткизилген. Аны таежеси азапка салып, күйгүзүп жана тиштегилегендиги айтылат.

Дарыгерлер кыздын колун аман алып калган. Бул кылмыш боюнча тергөө иштери башталган.

Жети жаштагы кыздын атасы жарым жыл мурун каза болгондон кийин, аны таежеси камкорлукка алган экен.

Тергөө кезинде таежеси кыздын өзү ысык шорпо бышкан казанга отуруп алгандыгын, кийин канализацияга кулап кеткендигин айткан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!