Баланын коркок болушу жашына байланыштуубу?

Баланын коркок болушу жашына байланыштуубу?
27-Авг. 2019, Шейшемби, 10:09

Же сиз балага жетиштүү көңүл бөлө албай жаткангабы? Коркоктук канчалык зыян? Бул боюнча адистер жооп берет.

Коркоктуктун зыяндары

Достору аз болот

Өзү каалаган нерсени сурап жей албайт

Өз оюн так айта албайт

Өзүнүн белгшилүү бир пикири болбойт, бирөөнүн оюна кошула берет

Коркоктуктун негизги себептери

1.Ата-эненин баланы өтө катуу тарбия берип кармоосу. Бул учурда бала өз оюн так айтып, даана билдире албай калат.

2.Баланы сыртка алып чыгып, көпчүлүккө көп аралаштырбоо. Мындай учурда бала сырттагы адамдар менен баарлашууда жалтанчак болуп калат.

3.Апасын же атасын жоготуу. Бала кичинесинен атасы же апасынан айрылса, анда кусага батып чоңоюп, тартынчаак болуп калат.

4.Үй-бүлөдөгү уруш талаштар. Үй-бүлөдө ата-энелер бири-бири менен пикири келбей, улам чыккан уруштар балага терс таасирин тийгизет. Башкача айтканда баладагы коркоктук, өзүнө ишенбөөчүлүк сезимди пайда кылат.

Коркоктук сезимден кандай арылтса болот?

1.Балаңызга оор милдетти жүктөбөңүз. Эгердеал ката кетирип, иш жасап жатса, аны ар дайым туура эмес деп жемелей берген болбойт. Анткени бала катачылык жасоо менен үйрөнөт. Анын туура эмес жасагандыгын ар дайым эскерте берсеңиз, бала ал жумушту жасоодо коркок болуп, мен туура эмес жасап жатам деп жалтанчаак болуп калат.

2.Балаңызды көпчүлүк менен баарлашууга кошуңуз. Ал үчүн сыртка байма-бай чыгарыңыз.

3.Бизде эркектер көбүнчө баласын баатыр кылам деп, балдарын көп ишке жашынан эрте жумшап алат. Бул туура эмес. Адистер баланын ыгына, жашына жараша жумшоо керектигин эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Экологиялык таза продукцияларды экспорттогон өлкө болобуз"
Футбол көрүп жатып өмүрүнөн айрылды
Футбол көрүп жатып өмүрүнөн айрылды
“Кумтөр” алтын өндүрүүнү көбөйттү
“Кумтөр” алтын өндүрүүнү көбөйттү
Окумуштуулар арыктоого тоскоол болгон адаттарды аныкташты
Окумуштуулар арыктоого тоскоол болгон адаттарды аныкташты
Нурмагомедов UFC чемпиону боло турган үч мекендешин атады
Нурмагомедов UFC чемпиону боло турган үч мекендешин атады
Өзбекстан Кыргызстанга 25 млн долларга жашылча-жемиш жеткирген
Өзбекстан Кыргызстанга 25 млн долларга жашылча-жемиш жеткирген
Кыргызстан курамы тайпадагы экинчи ордун сактап калды
Кыргызстан курамы тайпадагы экинчи ордун сактап калды
ЖАМКнын тергөөчүсү пара менен кармалды
ЖАМКнын тергөөчүсү пара менен кармалды
Таш-Көмүрдөгү баасы 4.5 млн доллар турган кремний заводу ишке даяр
Таш-Көмүрдөгү баасы 4.5 млн доллар турган кремний заводу ишке даяр
Абылгазиев: 2019-жылы республиканын ИДПсы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө
Абылгазиев: 2019-жылы республиканын ИДПсы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
​Жапония курамы Ак шумкарларды 2:0 эсеби менен жеңди
Президент балет бийчилери менен жолугушту
Президент балет бийчилери менен жолугушту
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
“Кыргыздын Баскову” Чырмаш Төрөбеков ыр кечеге чакырат
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Шайлоодо административдик ресурс колдонулбаш керек"
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Мээсине ийне сайылып калган үч жашар кыз аман калды
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?