Атасыз өскөн кыздын атасына болгон кусалыгы

Атасыз өскөн кыздын атасына болгон кусалыгы
1-Окт. 2019, Шейшемби, 12:24

Менин атам кайда?-бул суроону мен үйүбүзгө келген туугандардан сурай берүүнү адатка айлантып алгамын. А бирок чыныгы жообун алигиче таба элекмин дейт...

Албетте, ар бир бала үчүн ата-энеси менен бирге болуп, чогуу, бир үй-бүлөдө толуккандуу болуп өскөнү жакшы. Бала өзүн коомго керектүү адам сезүү үчүн, өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюш үчүн, ата-эненин чогуу болушу, чоң ролу ойнойт.

Адистердин айтымында: атасынан бөлөк чоңойгон балдар, психологиясы толуккандуу тарбия алган балдарга караганда, өзгөчөлөнүп турат. Анткени атанын тарбиясын “Жүз мектеп дагы ордун басып” тарбия бере албайт. Балага эненин жылуулугу канчалык керек болсо, адам болуп калыптануусу үчүн атанын ролу чоң.

Эгерде аялы менен күйөөсү ажырашкандан кийин, күйөөсү баласынан такыр кабар албаса, анда баланын ичинде болгон кусалык күчөп, ал бир чоң жараатка айланат. Психолог адистер: мындай абалда балдар бир гана өзүнө эмес, айланадагы адамдарга да ишенимсиз көз карашта болуп чоңоёрун белгилеп өтүштү.

Атасыз өскөн кыздын каты...

“Менин атам кайда?”-мен бул суроону көп адамга берип, бирок алигиче жооп таба албадым. Анткени мен атасыз өстүм дейт ал. Өзүмдүн апам дагы бул дүйнө менен кош айтышып кете бергенин кийинчерек билдим. Апам өтүп кеткен кезде, мен эселек кыз экемин. Апамдын бир тууган эжесин “Апа” деп келдим ушул күнгө чейин. Ушул убакытка чейин “Мен кандай өмүр сүрүп, канчалык кыйналганымды сезсеңиздер гана!”.

Мени багып чоңойткон апама алкыш. Ал адамдын колдоосу менен мен эч нерседен кем болбой чоңойдум. Бул окуяларды учурда мени чоңойткон апам “Сенин өзүңүн апаң, сени бул дүйнөгө алып келип, оору менен күрөшүп жатып, дүйнө салып кете берди” деп ыйлап айтып берди.

Кээде олтуруп өз апаңдын ооруп калышына атаңды күнөөлөйм. “Ата” деп көп айтып, сурап келесиң. Анда мен сага атаң тууралуу айтып берүүнү эп көрдүм. Атаңды күнөөлөгөнүмдүн себеби, ал апаң ооруп жатканда, аны убагында же дарылатпады. Ушул күнгө чейин мээрим төгүп, кызым эле деп же сени издеп келбеди. Эгерде сени ойлосо “Менин кызым эмне кылып жатат?”, “Кандай жашап жатат?”, “Кантип өмүр сүрүп жатат?” деп эмдигиче кызыгып сурап келмек. Сени издебеген адам сага керекпи? Сен жакшылап ойлон. Түшүнөмүн ичинде уйгу-туйгу болуп, менин атам кандай болду экен, аны бир көрсөм арманым жок эле деп ойлонуп жаткандырсың.

Макул мен сени атаңа алып барам, бирок аны менен өзүң сүйлөшөсүң. Азыр ал үй-бүлөлүү деп уктум. Анын балдары дагы бар экен. Эгерде сен боор тартып алар менен катташам десең, мен каршы болбойм деп апасы сөзүн жыйынтыктады. Ошентип, биз апам экөөбүз жолго чыктык.

Биз атамын үйүнө келдик. Өтө эски жупуну үйдө жашап жатыптыр. Үйүнөн беш-алты жаштагы бала жүгүрүп чыкты. Бир боорум экенин сездим. “Атаң кайда?” деп сурасам үйдө деп жооп берди. Бала эмесби: атам кече арак ичип келген, үйдө уктап жатат деп сүйлөнүп кирип кетти. Ошол заматта, беттери шишиген, түрү суук адам үңкүлдөп чыкты. Мен катуу коркуп кеттим. Ага мен: “Мен сиздин кызыңызмын, мен сизди издеп келдим” деп айта албай терс бурулуп кеттим. Ошол күндөн тартып аны жүрөгүмдөн сызып салдым...

Атасыз өскөн балдар ушундай сезимдерге кабылбоо үчүн, жарыңыз менен эки жакта жашап жатсаңыз да, өз балдарыңыздан кол үзбөңүздөр демекчимин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?