Учурда балдарыбыз телефон аркылуу оңой эле ыр жаттап, оюн ойноп, жада калса ырда кандай сөз айтылганын жашоодо оңой эле колдонуп калышты. Ал арада алардын канчалык зыян экендигин ойлонуп көрдүңүз беле?

Алды менен телефондогу оюн деген эмне дегенге жооп издеп көрөлү

Телефон оюндары: абдан оңой, балдар ойногонго жеткиликтүү курулат. Ал дүйнөгө кирген бала ошону гана элестетип калат.

Телефондун зыяны балага канчалык?

Жаш балдар физикалык жана психикалык жактан өнүгүп жаткан учуру. Алардын баш мээсинин сөөгү жаңыдан өөрчүп келе жатканга байланыштуу, алар уюлдук телефондордон чыккан радиацианы кабыл алуу жөндөмдүүлүгү ыкчам.

Ден соолугуна жараткан зыяны

Балдардын узак убакыт мойнун ылдый созуп, бир жерде телефон карап отуруп бериши, көзүнө жана дене боюнун өспөй калуусуна түздөн-түз таасир этет.

Акыл-оюна болгон зыяны

Ата-энеси менен аңгемелешүүгө, акыл-насыйкат тыңдагысы келбей орой болуп калат.

Эң жакшысы ата-эне балага кичинесинен эле көзөмөлгө алганы жакшы. Жок дегенде күнүнө жарым саат көрүүгө мүмкүн деп чектөө киргизүү керек.

Андыктан балаңыздын дени сактыгы өзүңүздүн колуңузда!