Биз күнүмдүк жашоодо суусундуктардын зыяндуу жана зыянсыз экендигине көп деле маани бербейт экенбиз. Ал арада балдарга айрым суусундуктар канчалык зыян экендиги боюнча ойлонуп көрдүңүз беле?

Сүттүү коктейль

Сүттүү коктейл балдар үчүн эң зыяндуу суусундук болуп саналат. Ал газдалган суусундуктардан дагы ашып өтөт экен. Анткени анын өлчөмүндө өсүмдүк майы менен канттын өлчөмү абдан эле көп.

Газдалган суусундуктар

Газдалаган суусундуктун курамында химиялык заттар, боёктор жана канттын өлчөмү абдан эле көп. Өзгөчө диабет жана ашказан ооруларына кооптуу

Кофе

Кофенин балага зыяндуулугу: ал балдардын нерв системасына терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн. Ошол эле учурда жүрөккө оор келет

Чай

Чай негизи өтө деле зыяндуу суусундук катары эсептелбейт. А бирок, аны абдан кою кылып ичсеңиз организмдеги керектүү кальций, магний, натрий элементтерин жууп кетет.