Балага 3 жашка чейин эмнени үйрөтүү керек?

12-Июнь 2017, Дүйшөмбү

«Аялды баштан баланы жашынан...» деген элибиз. Бала тарбиясы кичинекей кезинен тартып калыпташтырылган касиеттер аң-сезимине тез сиңип кетээрин билебиз. Бирок, накта эмне кылуу керек, эмнени үйрөткөн туура ал жагын биле бербейбиз. Ошондуктан сиздерге жаш балага эмнени үйрөтүү керектиги тууралуу кеңеш сунуштамакчыбыз:

1. Жакын адамга камкор болуп, жардам берип, жан ачуу. Ушул касиеттер адам боюна кичинекейинен тартып сиңе берүүсү керек. Наристе анын жардамы менен камкордукка муктаж жандар бар экенин билгени зарыл. “Бир жакшылык жасап, анын ордуна сыйлык аласын” деп үйрөтүү эң чоң ката. Анын ордуна адамдар бири-бирине жардам берүүлөрү керек экенин түшүндүрүп, бул адамгерчиликтин башкы белгиси экенин өз иши менен далилдеп туруусу кажет.

2. Өз каталарын моюнга алуу. Биз “кечир” деген бир ооз сөздү айтуунун канчалык оңой эмес экендигин билебиз. Ал балага үчүн бул кийин андан да кыйын болуушун эсерүүбүз кажет. Бала өзүнүн аракети менен бирөөнү таарынтып алганын түшүнсө да аны тез унутуп калат. Эгер балаңыздын ката иш жасаганын көрсөңүз, анын эркелигине көнө бербей, жакшы менен жаман, болот же болбойт деген тыйууларды үйрөткөн маанилүү. Бала ар бир учурда өзү талдап-таразалап алуусу керек. Ошол учурда гана ал өзүнүн ката иштерин түшүнүп, кечирим суроону да үйрөнөт.

3. Сылык мамиле. Бала төрөлгөндөн баштап “ырахмат”, “жакшы барыңыз” деген сөздөрдү бат-баттан угуп турушу абзел. Биз анын маани-маңызын түшүндүрбөй эле, ага адамдар менен болгон сылык мамилеге үйрөтө баштайбыз. Бала кезден мээсине сиңген сылык мамиле, алкыш билдирүү сыяктуу каситеттер өмурүндө кандай гана учур болбосун тил табышып, кыйын жагдайлардан оңой чыгууга жардам берет.

4. Тартип менен жеке тазалык. Кийим тазалыгы, сырткы көрүнүш, оюнчуктарын ирээтүү сактап колдоно билүү сыяктуу өзгөчөлүтө керектүү адаттарды өзүнө сиңирүүгө жардам берет. Аз-аздан ал өзүнүн тегерегин жыйнактуу алып жүрүүгө тырышат. Заттарына кам көрүү менен адам өмүрүнө да кам кордук менен мамиле кылаарын унутпашыбыз керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!