Балаңыздын азыктануу рационундагы витаминдер

19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Витаминдер - адамдын организмине зарыл болгон эң баалуу заттар. Көздүн жакшы көрүүсү, чачтын кайраттуу болушу, адамдын физикалык жактан күчтүүлүгү, кыскасы, ден-соолуктун чыңдыгы витаминдерден көз каранды. Андыктан балаңызга витаминдерге бай пайдалуу азыктарды берсеңиз, ал чоңойгондо бул үчүн сизге рахматын айтат.

А витамини жаш баланын организминдеги ткандардын өсүшү жана өнүгүшү, иммунитеттин кубаттуулугу, боордун иштеши үчүн зарыл. Ал организмдин жугуштуу ооруларга каршылык көрсөтүүсүн күчөтөт, көздүн жакшы көрүүсүнө кам көрөт. Организмде бул витамин жетишсиздик кылганда тери куудурап кургап, ооздо жана мурун көңдөйүндө да кургактык байкалат. Мындай учурда балдар дем ала албай кыйналышат. А витамини уйдун боорунда, каймакмайда, жумурткада жана өзгөчө балыктын майында көп.

Жашыл, ток сары жашылчаларда жана жемиштерде организмде А витаминине айланып кете турган каротин деген зат болот. Сабизде, чалканда, өрүктө, көк пиязда, помидордо каротиндин көп өлчөмү бар.

D витамини айрыкча бир жашка чейинки балдарга эң зарыл. Ал рахит оорусунун алдын алат. Бул витаминдин жардамы менен сөөк ткандарындагы кальций менен фосфордун катмарлары пайда болот. Эгер организмде D витамини жетишсиз болсо, баланын боюнун өсүшүндө бузулуу башталат. Бул витамин жумурткада, каймакмайда, уйдун боорунда, икрада жана балыктын майында бар. Ал теринин үстүңкү катмарында күн нурунун таасиринен улам пайда болот.

Е витамини ткандарды кычкылтек менен камсыз кылат. Айрыкча кош бойлуу аялдардын рационунда анын жетиштүү өлчөмү болушу зарыл. Е витамини көп өсүмдүктөрдө, анын ичинде дан өсүмдүктөрүндө, өсүмдүк майында бар.

В1 витамини нерв системасынын бекемделишин жөнгө салат. Балдарда бул витаминдин жетишсиздигинен тери оорулары пайда болуп, чач түшөт, тырмак сынат, баш ооруйт, ич өтүү башталат. В1 витамини гречканын данында, сояда, алмада, картошкада көп болот. Ошондой эле жумуртканын сарысы, икра, малдын боору, бөйрөгү, жүрөгү да бул витаминге бай келет.

В2 витамини өсүп келаткан организм үчүн өтө баалуу. Бул витамин жетишсиз болгондо бала чыргоо болуп кетет. Аны менен катар оозул болуп, териси кургап, ичи өтө баштайт. В2 витамини балыктын этинде, сүттө жана башка сүт азыктарында, нанда, жумуртканын сарысында бар.

В6 витамини адамдын организмине эттүү тамактар, сүт азыктары менен келет. Эмчектеги бала үчүн уйдун сүтүнө караганда эненин сүтүндө жетиштүү В6 витамини бар. Бул витамин нерв системасынын нормалдуу өнүгүшү үчүн өтө зарыл.

С витамини көптөгөн жашылча-жемиштердин курамында бар. Айрыкча кара карагат, ит мурундун мөмөсү, апельсин, мандарин, грейпфрут, капуста, көк пияз, петрушка өңдүү жашылча-жемиштер аталган витаминге бай. С витамини же аскорбин кислотасы ар кандай заттардын синтезделишинде катышып, иммундук системанын жөнгө салынышы үчүн зарыл болуп эсептелинет. Жугуштуу оорулар менен ооруганда, ашказан-ичеги ооруларында С витаминине болгон муктаждык арбыйт. Организмде бул витамин жетишпегенде бүйлөлөрдүн каноосу күчөйт, балдар сасык тумоо менен ооруп, муруну көп канап баштайт. Жашылчалар сууда көп убакыт туруп, үстү ачык идиште кайнаганда, тамакты бир нече жолу жылытканда С витамини өзүнүн касиетин жоготот.

Витамини же никотин кислотасынын жетишсиздигинен борбордук нерв системасынын иши бузулат (эске тутуу, ой жүгүртүү начарлайт), тери бузулат. Никотин кислотасы этте, балыкта, гречкада, ошондой эле жашылча-жемиштерде жана сүт азыктарында бар.

Балдар үчүн витаминдүү рецепттер


Жашылчалар пюреси

Курамы:

Картошка - 1 даана

Сабиз - 1 даана

Пияз - 1 баш

Помидор - 1 даана

Капуста - кичине капустанын төрттөн бир бөлүгү

Жашыл буурчак - 2 чоң кашык

Суу - 3 стакан

Каймак май - 2 чоң кашык

Сметана - 1 чоң кашык

Туз

Даярдалышы:

Жашылчаларды жууйсуз, аарчыйсыз, туурайсыз, капустанын жалбырактарын ажыратып аласыз.

Үстүнө ысык суу куюп, эзилип бышкыча кайнатасыз

Суутуп, кашык менен бирдей массага келтирип эзесиз.

Туз салып, кайнак сууга дагы 5-10 мүнөт кайнатып аласыз да, ага каймак май менен сметананы аралаштырасыз.

Эттен жасалган шариктер

Курамы:

Эт фаршы - 200 грамм

Сүткө чыланган бөлкө нан - 1 кесим

Сууга бышкан сабиз - 1 даана

Каймак май - 2 чоң кашык

Туз

Даярдалышы:

Сүткө чыланган нан менен фаршты аралаштырып туз кошуп, андан шариктерди жасайсыз.

Шариктерди каймак майга дымдап кууруйсуз.

Сууга бышкан сабизди аябай майда туурап, бышкан шариктерди ага оонатасыз.

Гарнирге картошка пюресин берсеңиз болот.

Балыктан жасалган тамак

Курамы:

Балык эти - 200 грамм

Картошка - 1 даана

Жумуртка - 1 даана

Каймак май - 2 чоң кашык

Сүт - 2 чоң кашык

Өсүмдүк майы - 1 чоң кашык

Туз

Даярдалышы:

Картошканы сууга бышырып, суутасыз да, аны менен балык этин эт майдалагычтан өткөрөсүз. Ага туз, 1 чай кашык каймакмай, сүт, жумуртка кошосуз.

Көмөчтанды өсүмдүк майы менен майлап, аралашманы көмөчтанга оодарасыз.

Үстүнө каймакмайды сүйкөп, духовкадагы жай отко 20-30 мүнөт коёсуз.

Коктейль

Алма ширеси - 50 мл

Апельсин ширеси - 50 мл

Лимон ширеси - 2 чай кашык

Таза бал - 1 чай кашык

Каймак - 50 мл

Даярдалышы:

Ширелерди, балды, каймакты жакшылап аралаштырасыз. Витаминдүү бул суусундукту балаңыз сүйгөн печенье менен берсеңиз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!