Түшкү уйку балдарга пайдалуу

11-Июль 2017, Шейшемби

Адистер балдардын түштөн кийин уктаганы ден соолуктарына өтө пайдалуу экенин айтышат. Алардын билдирүүсүндө, уйку мээнин жумушун жакшыртат экен. Ошону менен бирге жаш балдар окуудагы жетиштигине да жакшы өбөлгө түзөт. Түшкү уйку 3-5 жаштагы наристелердин эске сактоо кабылетин артырат.

Массачусет университетинин окумуштуулары 40 балага изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөнүн натыйжасында алар уйкунун жагымдуу таасирлери кийинки күнгө чейин сакталаарын байкашкан. Бул деген уйку эске түшүрүү жана алган билимин эске сактап калуу үчүн маанилүү деген сөз. Ушундайча күндүз бир саат уктаган балдар уктабаган топтогу балдарга караганда маалыматты 10 пайызга эске сактап кала алышкан.

Мээге жүргүзүлгөн изилдөөдө уйку кезинде окутуу жана жаңы маалыматты интегралдоого жооп берүүчү мээ бөлүктөрү белсендүү жумуш иштээри аныкталган. Жалпысынан кичинекей балдар күнүнө чамасы менен 11-13 саатка чейин укташы керек.

Мындан сырткары, күндүз аз убакыт көз жумуп тук этип алуу чоңдордун да аң-сезимининин жана мээсинин жумуш иштөөсүн артырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!