Кош бойлуу кезде зарнадан арылуу үчүн

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кош бойлуу маалда ар бир аял зарна болору белгилүү. Кээде ушул оору болочок энени тогуз ай коштоп жүрөт. Эмнеге мындай?

Ашказан кыжылдап, ооздон кычкыл жана жагымсыз жыт чыгуу - мунун бардыгы зарнанын белгилери. Ал адатта, тамактанып бүткөндөн кийин же уктап жатканда болот. Кош бойлуулуктун экинчи жарымынан башталып, бир нече мүнөттөн бир нече саатка чейин созулушу ыктымал.

Кош бойлуу кездеги зарнага организмдеги гормоналдык өзгөрүштөр себеп болот. Ал учурда зарна болгон адам түнү бою уктай албайт. Организмдеги гормондордун таасиринен ашказан ширесинин кычкылдыгы жогорулайт.

Кош бойлуу кезде зарнаны пайда кылчу факторлор:

Зарна көпчүлүк учурда ашказан кысылгандан пайда болот. Ошондуктан ичти кыскан кийимдерден баш тартыңыз.

Тамактангандан кийин аз дегенде 30-40 мүнөт жатпаганга аракет кылыңыз.

Кофе, таттуу, маринаддалган, кычкыл жана газдалган суусундуктарды ичпеңиз.

Зарна сизди көп убара тартырса, андан арылуу мүмкүн эмес болсо, анда сиз кычкыл жер жемиштер менен жашылчалардан баш тартыңыз. Ошону менен бирге, белгилүү бир азыкка организмиңиздин реакциясын байкап көрүңүз. Кээде зарна майлуу эт жана балык, жумуртка, жаңы бышкан нан же болбосо ар турдүү ачыткы азыктардан болуусу мүмкүн.

Пайдалуу кеңеш

Жатар алдында тамакты көп жебеңиздер. Анткени түндө көп убакыт төшөктө жатасыздар.

Эгер зарна сизди каттуу кыйнаса, анда милдеттүү түрдө дарыгерге кайрылыңыз.

Алгач сизге кош бойлуу кезде зарна болтурбаган диета сунуштайбыз:

Күн сайын 5-7 жолу аз-аздан тамактаныңыз

Күнү бою аз өлчөмдө сүт ичүүгө болот

Кош бойлуу аялдарга күндө сабиз, бадам, сулуу чайнап жүрсө зарнадан кутулганыңызды байкайсыз.

Имбирь да жардам бере алат. Бир аздан чайнап жүрсөңүз болот.

Абдан маанилүүсү стресске жол бербей, позитивдүү маанайда эс алган жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!