Тырмак тиштегилөөнүн себеби эмнеден?

16-02-2017

Көбүнчө балдар 3-4 жаш курагынан баштап көнүмүш адатка айланган тырмак тиштегилөөгө, бойго жеткен убакта да коомдогу абал таасир берет, кээ бир убакта мындай көрүнүштү чоңдордон да байкоого болот.



Башталыш себептери:

-Ата-энелердин дайыма катуу көзөмөлдөшүнөн
-Баланы көп сындап, басынтуудан
-Жаңы достун пайда болушу жана досун кызгануудан
-Ата-эне менен баланын ортосундагы ажырымдын пайда болуусунан
-Баланын мээримге зар болуп, жетиштүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй калуусунан
-Баланын өзүнө болгон ишеничи жок жана көйгөйлөрдү ичине топтоосунан
-Үй-бүлөдөгү уруш-талаштар
-Үй-бүлөдө бирөө жарымдын тырмак тиштөө адатынын болуусунан
-Баланын кайгылуу жана коопсуз жайда жашоосу себеп болот

Эмне кылуу керек?

-Башында муну көрмөксөнгө салып, буга катуу мамиле кылбагыла
-Буга себеп болгон нерсени таап, жөнгө салуу керек
-Коркунучтуу жана коопсуз болгон жерден узакта кармоо керек
-Баланы толкундантып, коркуткан жана оор кинолорду көрүүгө тыюу салуу керек
-Тырмактарын тиштегилеген маалда көңүлүн башкага бурдуруу зарыл
-Башка нерсеге алаксытуу ирээтинде сагыз, жемиштерди берүүгө болот
-Тырмагын карап, өсүп кеткен болсо кыска алып коюу кажет
-Кызыккан жана сүйгөн нерсесине жол ачуу, жардам берүү
-Сезимдерин ачык айтуу жардам берүү
-Тынч жана ылайыктуу убакта бала менен бул маселе туурасында сүйлөшүү керек
-Болгон аракетке карабай колунан келбей жатса, тийиштүү адиске кайрылуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!