Балдарды добуш көтөрүп тарбиялоо зыян

13-Сен. 2017, Шаршемби, 11:42

Эгер ар дайым балага кыйкыра берсе, бул анын ден-соолугуна терс таасир берет. Керек болсо стресстен улам толуп кетүүсү мүмкүн. Американын Айова штатындагы университеттин окумуштуулар мындай жыйынтыкка изилдөөнүн натыйжасынан улам келишти.

“Iowa Youth and Families Project” изилдөө тобу эксперемент жүргүзүшкөн. Алар 12 жаштагы 451 жаш өсүпүрүмдөр менен ата-энесин 20 жашка толгонго чейин көзөмөл жүргүзүшкөн. Буга байланыштуу окумуштуулар ар бир ата-энеге уруп-согуп, мажбурлоо, тыюу салуу, өзүмчүлдүк же болбосо балага добуш көтөрүү сыяктуу көрсөткүчтөрдү негизге алышкан. Сынактын аягында балдар толук текшерүүдөн өтүшүп, изилдөөнүн автору Томас Шофилд билдиргендей, катаал тарбия өнөкөт стрессти калыптандырат деген жыйынтыкка келишкен. Баланы кайрадан эркелетип, мурдагы катачылыктарын түзөтүүсүнө карабай ал калыпташып калат.

Окумуштуулар ошону менен катар катуу мамилеге байланыштуу баланын мээсине таасир берилерин, андан улам ооруларга тез чалдыгып, жүрөк, кан тамырлардын ишинин төмөндөшү сыяктуу оорулар пайда болорун аныкташкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!