Бул азыктар балага зыяндуу!

19-Сен. 2017, Шейшемби, 11:17

Баланын келечектеги ооруларынын башаты кичине кезинде туура эмес тамактануудан улам пайда болот. үч жашка чейинки балдарга мүмкүн болушунча таптакыр бербеш керек болгон төмөнкү азыктар тизмеге кокусунан кирип калган эмес. Адистер кылдат изилдеп чыккан соң аларды дал ушул курактагы балдарга бербөөнү сунушташат.

1. Картошка фриси, чипсылар

Бул азыктарды балаңыздын рационуна таптакыр кошпоңуз. Картошканын мындай түрлөрү баланын ашказанына зыян алып келет. Чипсы - углевод менен майдын аралашмасы, химиялык боңктор жана кошулмалар. Бул азыкта рак, инфаркт жана инсульт ооруларынын пайда болуу коркунучун чакыруучу кошулмалар бар. Андыктан, үч жашка чейинки балага картошканын мындай түрлөрү эмес, кайнатылган картошка гана сунуш кылынат.

2. Сосиска, ышталган колбаса

Сосиска - баланын тарелкасына эң алгачкылардан болуп түшүүчү "эт" азыгы. Тилекке каршы, сосисканын курамында эт эң эле аз өлчөмдө, ал эми боңкторду жана консерванттарды андан ашыгы менен таба аласыз. Дээрлик бардык сосискалар мына мындай зыяндуу компоненттерден турат:

- нитраттар жана нитриттер;

- май;

- натрий.

Бир даана сосиска 500 мг га жакын натрийди өзүнө камтыйт. Бул баланын бир суткалык дозасы.

Ышталган колбаса да бала үчүн зыяндуу азык. Анын курамында фенол аттуу уулуу зат бар. Шаарда жашаган адам бир жылда дем алган фенол менен бир кесим ышталган колбасадагы фенол барабар.

3. Газдалган таттуу суусундуктар

Газдалган таттуу суусундуктар - канттын, химиялык кошулмалардын жана газдын аралашмасы. Аспартам (Е951) аттуу зат (жасалма кант) кошулган бул суусундуктар суусунду кандыруучу эмес, чаңкоону дүүлүктүрүүчү болуп эсептелинет. Андыктан, кола ичкенден кийин артынан суу ичип алуу керек. Мындан тышкары, бул суусундуктардын курамындагы консервант катары колдонулган натрий бензоаты (Е211) зат алмашууну бузуп, толуп кетүүгө алып барат. Диетологдордун айтуусуна караганда, мындай суусундуктардын ичинен эң зыяндуусу болуп кока-кола эсептелинет. Анын курамындагы ортофосфор кислотасы бир нече сааттын ичинде дат баскан мыкты тазалап коюуга жөндөмдүү. Ишенбесеңиз, тажрыйба жүргүзүп көрүңүз. Мынча кислотанын балаңызга эмне кереги бар? А мындан тышкары, 1 литр кока-колада 25 чай кашык кумшекер бар. Диетологдор бул суусундукту үч жашка чейинки балдарга таптакыр бербөөнү сунушташат. Болбосо, анын кант диабетин пайда кылуу коркунучу жогору.

5. Кытайдан чыккан майда момпосуйлар, чупа-чупс

Дүкөндөрдүн текчелеринде тизилип, жаш балдарды өзүнө тартып турган ар кандай кытай момпосуйлары, витаминдери - баланын организмине таптакыр коошпойт. Алардын курамында кант, химиялык кошулмалар, боңктор эң эле көп санда. Бир сөз менен айтканда, алардын кымындай да пайдасы жок.

6. Маргарин

Маргарин - майдын эң зыяндуу түрү. Маргарин кошулган азыктардын баары - пирожныйлар, торт, кабатталган даяр камыр ж.б. зыяндуу болгондуктан, үч жашка чейинки балдарга берүү сунушталбайт. Кантка жана майга каныккан бул азыктарга берилүү чоң адамдын да тамак сиңирүүсүн бузуп, ашыкча салмак кошот.

4. Фаст-фуд

Тез жасалуучу көчө тамактары: беляши, чебуреки, гамбургер, шаурма, картошка фриси - кичинекей балдар үчүн эле эмес, чоңдор үчүн да эң зыяндуу тамак-аш деп табылган. Анткени, аларды кууруган майды улам-улам алмаштырышпайт, ошол эле майга кайра-кайра кууруй беришет. Натыйжада, бул тамак-сиңирүү системасын бузуп, ашказан жарасына жеткирет.

7. Майонез

Майонездин курамындагы май кандагы холестериндин деңгээлин көтөрөт. Бир чоң кашык майонезде 12 грамм май бар, бул баланын организми үчүн өтө эле көптүк кылат. Айрыкча желим идиштеги майонезди балдарга берүүгө болбойт. Анткени, майонездин курамындагы уксус желим идиштен уулуу заттын бөлүнүп чыгышын шарттайт.

Эгерде ден-соолугу чың баланы өстүргүңүз келсе, жогоруда саналган азыктардын баарын анын рационунан алып салыңыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!