“Бир үй-бүлөдө бир бала” мыйзамы

16-02-2017

Кытай Улуттук ден соолук жана үй-бүлө пландоо комиссиясы 2016-жылдын 1-январынан тартып “Бир үй-бүлөдө бир бала” мыйзамын күчүндө калтырды.

Калк санынын өсүү деңгээли акыркы бир жыл ичинде 11,5 пайызга жогорулады. Өлкөдө кош бойлуу аялдардын азаюусуна карабай, 2016-жылы 18, 46 миллион бала жарыкка келди. 2000-жылдан тартып төрөлүүнүн саны жогорку деңгээлге жетти.

ВВСде берилген маалыматка ылайык 2016-жылы төрөлгөн баланын жүздөн 45нин өзүнөн улуу бир тууганы бар экендиги белгилүү болгон. Комиссиянын башчысы Янг Ванчуанг “Кош бойлуу айымдардын саны 5 миллионго түшсө да төрөлгөн балдардын саны өсүүдө, буга чейин кабыл алынган мыйзамдын туура болгонун жана иштей тургандыгын көрсөттү”, –деди ал өз сөзүндө. 2020- жылга чейин ар жылы 17-20 миллионго жакын төрөлүүлөр күтүлөөрүн белгиледи.

Кытай укук коргоочулар, 2050-жылга чейин ишке жарактуулардын саны 30 миллиондон ашуун болоору күтүлүүдө. Кытайдагы бир бала мыйзамы калктын санынын көбөйүүсү менен жакырчылык жана башка суроолордун келип чыгышына түртөт.

2013-жылы да Кытай өкмөтү бул саясатын бир аз жеңилдетип, миллиондогон үй-бүлөгө эки балалуу болууга мүмкүндүк берген. 1978-жылы башталган "Бир үй-бүлө - бир бала" саясаты менен Кытай бийлиги калктын тез көбөйүүсүн басаңдатууну көздөгөн. Бирок бул саясат өлкөдө гендердик дисбаланска алып келип, эркектердин саны көбөйгөн. Анткени түйүлдүк кыз экенин билген түгөйлөрдөн көбү бойдон алдырууну чечип, уулдуу болууну самагандар өскөн.
Кытай калкы эң көп жана жыш жайгашкан дүйнөдөгү алдыңкы өлкө. Азыр өлкө калкы бир миллиард 370 миллионго жетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!