Баланын жөтөлүнө каршы эмне кылуу керек?

4-Окт. 2017, Шаршемби, 13:40

Баланын жөтөлүшүнө каршы төмөнгүдөй бир нече жөнөкөй элдик эмдөо ыкмалары бар:

Бул рецепти биринчи жолу колдонгондон кийин эле балаңыздын жөтөлүнүн басылганын байкайсыз. Ал үчүн жарым литр сүттү бышырып алгандан кийин, бир аш кашык карагай буурчактарын (сосновый почки) кошуп аздан аралаштырасыз. Бир сааттан соң иче берүүгө болот. Аралашманы бир күндүн ичинде ичип түгөтүү керек. Кажет болгондугуна жараша дарылоону уланта берүүгө болот.

1 чоң баш пиязды туурагычтан өткөрүп, ага бир стакан кант кошуп, 5 мүнөт кайнатып аласыз. Жылуу болгон джемге 2 аш кашык бал кошуп аралаштырасыз. Ар бир саат сайын балага 1 чай кашыктан берип турсаңыз, 1-2 күн ичинде баланын жөтөлү кетет.

Сабиз ширеси менен балдын пайдасы мол. Ал үчүн бир нече сабизди шире сыккычтан өткөрүп, каалашыңызча бал кошуп балага ичиресиз. Ширенин жаңы даярдалганынын пайдасы көбүрөөк.

Сулуу тундурмасынын да жөтөлгө пайдасы зор. 1 литр кайнаган сууга бир стакан сулуу салабыз да, эки саатка жай отко коёбуз. Кийин сүзгүчтөн өткөрүп алып, ач карынга жарты стакан бал менен кошо күнүнө 3 ирээт: эртең менен, түшкү тамакка чейин 30 мүнөт, уктаар алдында бир жолу ичүү кажет.

Кара чалкан ширесинин да жөтөлгө колдонууга болот. Орточо 7 даанасын жука кылып туурап, үстүнө кант сээп, 8-10 саатка коёбуз. Андан чыккан ширени саат сайын 1 аш кашыктан берүү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!