Эне сүтүнөн кийин наристеге берилүүчү тамак-аш түрлөрү

6-Окт. 2017, Жума, 12:22

Эксперттер алгачкы 6 ай эне сүтүн эмизүүнү сунуш кылышат. Андан кийин гана аны менен бирге кошумча тамак-аш бере баштаса болот. Көптөгөн энелерге жаңыдан кошумча тамак берүү кыйын болушу ыктымал. Биз ушундай жагдайдан энелерге жардам берүү максатында балдарга берилүүчү кошумча азыктар тууралуу бөлүшө кетсек дедик.

Бул кеңештерди аткаруудан мурда дарыгер менен кеңешүүнү унутпаңыздар!

4-6 ай

Брокколи жана түстүү капуста буламыгы

  • 1 даана түстүү капуста
  • 1 даана брокколи

Брокколи жана түстүү капустаны 10-15 мүнөт кайнатып. Блендерге салып, ичине бир аз кайнаткан суудан куюп, пюре болгончо эзиңиз. Кааласаңыз идиштерге салып бир муздаткычта сактай аласыз.

Банан жана авакадо буламыгы

  • 2 даана бышкан авакадо
  • 2 даана бышкан банан
  • 2-3 лимон ширеси

Авакадону ортосунан экиге бөлүп кесип, данегин чыгарыңыз. Бананды аарчып, жемиштерди ашкана комбайнына салып, буламык жасаңыз. Эгер керек болсо аны атайы зым сүзгүчтөн өткөрүп алсаңыз да болот.

Алма-банан буламыгы

  • 1 даана алма
  • 1 даана банан

Алманы аарчып, туурайсыз. Бир идиш алып, ага суудан куюп отко коюп, алма жумшарганча кайнатыңыз. Алма жумшаргандан кийин, банан экөөнү вилканын жардамы менен эзиңиз. Ошентип витаминдүү буламыгыбыз даяр болот!

Картошка-ашкабак буламыгы

  • 3 кесим ашкабак
  • 1 даана картошка

Картошканы сууга салып, бууга бышаарга аз калганда ашкабакты да салыңыз. Жер-жемиштер жумшарып бышкандан кийин, оттон алып алар сууганча күтө туруңуз. Эзгич менен же вилка алып жашылчаларды эзиңиз.

7-8 ай

Этүү буурчак

  • 4 бышырылган буурчак
  • 1 л сүт
  • 2 кг ун
  • 2 май
  • Бышырышган кызыл же ак эт

Майды эритип, унду элеп салып алып 1 мүнөт бышырыңыз. Сүттү акырын куюп, аралашма бирдей деңгээлде коюланганча бышырыңыз. Андан соң буурчакты салып жай отто бышыргандан кийин, майда тууралган этти салыңыз. Жылуураак кылып балага берсеңиз болот.

Ашкабак жана тимьян буламыгы

  • 1 даана кичинекей ашкабак
  • 1/2 гр тимьян
  • суу

Мешти 170 даражага коюп, ашкабакты туурап, 45-60 мүнөт бышырыңыз. Андан кийин ашкабакты чыгарып, муздаганда эзип, суу кошуп суюк буламык болгондо балага бериңиз.

Чечевица шорпо тамагы

  • 1 даана картошка
  • 1 даана сабиз
  • 1/2 даана пияз
  • 1 чоң кашык зайтун майы
  • 1/2 чечевица

Жашылчаларды туурап, казанга салып, суу куюп, кайнатып, бышырып алып. зайтун майын кошуп, эзгичтен өткөрүп буламык даярдаңыз.

Жашылча-жемиш жана тоок буламыгы

  • 2 даана тоок буту
  • 1 чоң кашык зайтун майы
  • 1/4 пияз
  • 2 даана сабиз
  • 1 даана кортошка
  • 1 литр тоок шорпосу
  • 1 жарым чыны буурчак


Мешти 190 даражада ысытып, тоокту 30-40 мүнөт бышырыңыз. Зайтун майына пиязды 5 мүнөт кууруп, сабиз жана картошканы кошуңуз. Тооктун бутун туурап, кайнаганча отко коюңуз. Казанды капкак менен жаап, отто 20 мүнөт бышырыңыз. Буурчак бышкандан кийин аны оттон алып, муздаганча коюп коюңуз. Бышкан тоок этин жана жашылчаларды блендерден өткөрүп, эзиңиз.

Фасоль жана күрүч

  • 1+1/4 л тоок шорпосу
  • 3/4 грамм күрөң күрүч
  • 1+1/2 грам кайнатылган фасоль
  • 1/4 грамм жалбыз

Кайнаган сууга күрүчтү салып кайнатыңыз. Фасолду күрүчтүн үстүнө салыңыз. Күрүч сууну тартканга чейин 6 мүнөт оозун жабык бойдон бышырыңыз. Оттон алып, ага майда тууралган жалбызды салыңыз. Капкагын жаап 3-5 мүнөт коё туруңуз.

Жашылча балык пюреси

  • 450 грамм балык эти
  • 3 даана сабиз
  • 1 даана лук-порей
  • суу

Балык, сабыз жана лук-порейди 15 мүнөт бууга бышырыңыз. Жашылчаны жана балыкты эзип, ага бир аз суу кошуп, буламык болгонго чейин эзиңиз.

Эт жана жашылча шорпо

  • 220 грамм эт
  • 2 чоң кашык зейтун май
  • 1/4 пияз
  • 1 даана сабиз
  • 1 даана картошка
  • суу


Этти туурап, казанга салып, зайтун майын куюп, бир аздан соң сабиз, пияз жана кортошканы салыңыз. Суу куюп кайнаганча күтө туруңуз. Кайнагандан кийин отту азайтып 1 саат 15 мүнөт бышырыңыз. Бышкан шорпону блендерден өткөрүп, буламык жасаңыз.

Алчалуу йогурт

  • 1 чыны алча
  • 4-5 даана жалбырак жалбыз
  • 1-2 чыны йогурт

Алчаны 10 мүнөт жумшарганга чейин бышырыңыз. Муздагандан кийин жалбыздан салып, эзиңиз. Андан кийин йогуртка аралаштырыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!