Чипс жеген балдар келечекте кандай болушат?

11-Окт. 2017, Шаршемби, 15:53

Англияда Бристолс атындагы Университет тарабынан 14000 балага жасалган изилдөөдө чипсынын ордуна жашылча-жемиш жеген балдар акылдуу, зирек болоору аныкталган. Изилдөө натыйжасында окумуштуулар «Балдарыңардын акылдуу болуусун кааласаңыздар кортошка чипсылардын жана пицалардын орудуна жашылча-жемиштерди пайдалангыла!» деп эскертишкен.

Изилдөөдө жаш кезинен курамында чамадан сырткары май, шекер жана тузу бар азыктарды жеген балдага караганда, мөмө жана жашылча жемиш жеген балдар зиректиги (IQ) 8 баллга жогору болуп чыккан.

“Pauline Emmett” жана “Kate Northstone” башчылыгындагы окумуштуулар мээнин эң ылдам өскөн учурунда 0-3 жаш аралыгындагы балдардын ден соолугу үчүн системалуу түрдө тамактануу керектигин билдиришет. “Northstone”: «Ата-энелердин туура тамактануусунун маанилүү экенин билүүлөрү керек» деп маалымдалат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!