Ичтин оорусу өтүп кетет дебеңиз!

14-Окт. 2017, Ишемби, 14:17

Балдарда байкалган кыска убакытта (курч) ичтин оорусу негизги оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Эксперттердин пикири боюнча, жаңы төрөлгөн балдардагы ич оору тубаса өнүгүү кемчиликтери жана ичеги оорулары менен ичтин катып калуусу болуп саналат. 2 жашка чейинки Герпес, аппендицитке алып келет. 3 айга созулганда бул өнөкөт ооруга айланат. Бул көрүнүштөгү оорулар окуучу балдардын 10-20 пайызында өтө көп катталат.

Кичинекей ымыркайлар ооруп жатканын билдирип, көрсөтүп же айта албагандан кийин тынчы кетип ыйлоо менен билдиришет. Балдардагы рефлюкс оорулары көбүнчө ичтин оорусу сайгылашуу, ичтин көбүүсү жана кусуусу менен байланыштуу. Тамак-аш аллергиясы көбүнчө (сүттөгү белок менен байланыштуу) ичегидеги тоскоолдуктар, ичтин түйүлүүсү, абдоминалдуу ооруларга алып келет. Эгер сизде ичтин оорусу, кусуу, температуранын көтөрүлүшү сыяктуу белгилер байкалса дарыгерге кайрылыңыз. Анткени, ичегиде кыска оору бул инфекция же аппендицит сыяктуу хирургиялык жагдай алып келиши мүмкүн.

Ичтин оорусуна байланыштуу кандай сактык чараларын колдоно алабыз?

Ушуга байланыштуу адистердин кеңеши:

- Балдардын ич катуусун алдын алуу үчүн тамактануу адаттарын түзүү кажет.

- Балдарга жумасына үч жолу аз дегенде 30 мүнөт дене көнүгүүлөрүн жасатуу керек.

- Балдарга сууну көп ичирүү аркылуу бөйрөк таштарын жана ичтин катып калуусун алдын ала алабыз.

- Газдуу суусундуктардан баш тартып, күнүнө жарым литрден ашык сүт ичүүлөрү зарыл.

-Көп жашылча-жемиш жеп туруусун адатка айландыруу абзел.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!