Эне сүтүнүн пайдасы

28-Окт. 2017, Ишемби, 12:26

Бөбөктү эне сүтү менен багуунун көптөгөн пайдасы бар.

Наристе жаңы төрөлгөн кезде эне сүтүндө өтө керектүү заттар болуп анын торолушуна шарт түзүлөт.

Эне сүтүндө микробдорго каршы коргоочу зат болгондуктан аны менен азыктанган ымыркай ооруга чалдыкса да бат айыгат.

Эне сүтү менен тамактанган балдардын жаш курагында канында холестериндин өлчөмү да аз болот.

Балдардын эмчек эмүүсү жаактын жана тиштердин өсүүсүнө оң таасирин тийгизет. Ошондой эле чоңойгондо да наристе тиш оорусуна аз чалдыгат.

Эне сүтүн эмген балдарда алгачкы айларда аллергия сыяктуу кээ бир оорулар аз кездешет.

Эмизүү бала менен эненин ортосунда бекем байланыштын болуусун жана бөбөктүн коопсуздугун камсыз кылгандыктан, коркпой ишенимдүү болуу сезимин ойготот.

Наристесин сүт менен багуу эненин психологиялык жактан өзүн жакшы сезүүсүн да камсыз кылат.

Эмизүү убагында бөлүнүп чыккан гармон эненин жатынынын тезирээк өзүнө келүүсүнө жардам берет.

Сүттүн пайда болуусу жана эмизүү каллориянын сарпталышына түрткү болгондуктан, эне кош бойлуу убакта алган ашыкча салмактан арылат.

Бала эмизген энелердин жетээрлик деңгээлде эс алуусу, туура тамактануусу жана өздөрүн өтө чарчабай тургандай дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоосу өтө пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!