Балдарыңыз сиз же сен деп кайрылабы?

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 09:40

Азыркы кезде психологдор жашоонун баардык тармагына аралашып кеткендей. Алардын эң активдүүлүгү бала тарбиясында камтылган. Кеңеш өкмөтү ыдырагандан тартып алардын колу узарып, бешиктеги баладан баштап турмуш куруп жаткан жаштагы балдарды кандай тарбиялоо керек деген ар кыл темадагы кеңештерин бөлүшүп келишет. Алардын бири ата-энеге "сен" деп кайрылуусу.

Психологдордун байкоосу боюнча бала ата-энесине «сиз» дебей, «сен» деп кайрылуусу керек. Ар бир тил маданиятында «сиз» деп бөтөн адамга, тааныш эмес же болбосо чала тааныш адамдарга, урматтоо же улуу адамдарга кайрылышат.

Ошол себептен «сиз» деп сүйлөшүү адамдардын арасын алыстатып, бири-бирине деген ишенимин азайтат деп билдиришет психологдор. Ал эми андай субординация ата-эне менен баланын ортосунда болбошу керек. Психологдордун изилдөөсү көрсөткөндөй бала андай кезде ата-энесин бөтөн адамдардай кабылдайт экен. Тагыраагы башына иш түшкөн кезде же болбосо бир көйгөй тынчсыздантып жүргөндө, ичтеги сырын ата-энесине айта албайт. Ата-энесинин жанында өзүн эркин сезе албайт. Чоңойгон сайын туюк мүнөз, тартынчаак, адамдар менен жакындаша албаган адам катары мүнөз калыпташуусу мүмкүн.

Өзгөчө “сиз” деп сүйлөгөн кыздарга көп таасир берет дешет. Назик жандар энесине жакын болгону туура эмеспи. Энесинин жат адам катары кабыл алса, келечектеги эне болчу кызга кыйын болот экен.

Эми психологдорду четке коюп, тажрыйбага көз жүгүртсөк. Кайсы гана улутту албайлы, эч бирисинде катып калган эреже жок. “Сиз” же болбосо “сен” деп кайрылуу болгону үй-бүлөдөгү тарбияга байланыштуу. Өз ата-энесинне “сен” деп сүйлөгөн адамдар балдарын да дал ошондой тарбиялайт. “Сиз” деп өскөн адамдар, балдарына да “сиз” деп айтырат. Бул жерде “сиз” деп айтуу баланы алыстатуу максатында эмес, ата-энени урматтоо, кастарлоо максатында. Ата-энесине сиз деп өскөн бала алар менен урушууга, сөз талаштыруу барбайт. Мындайча айтканда, жат адам эмес, авторитет ирээтинде туура кабылдоого мүмкүндүк берет. Улуу адамдарга курбуң ирээтинде карабоого үйрөтөт. Себеби, курбуң менен ар жерден жакшы аралашсаң да, аны коногуңдай сыйласаң да, ата менен эненин орду бөлөк.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!