Кош бойлуулар үчүн көнүгүүлөр

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:07

“Кош бойлуулар көп кыймылдашы керек” деген адистердин кеңешин ар бир эле айым укса керек. Кыймылдаганда жүк көтөрүп, кара жумуш жасап эмес. Төрөт учурунда энелерге бир топ жеңилдиктерди алып келүүчү көнүгүүлөр бар, ошолор менен таанышып коюңуздар. Бардык көнүгүүлөр күнүнө 3-4 жолудан жасалуусу кажет.

Кош бойлуулуктун 16 жумасына чейин жасалуучу көнүгүүлөр:

Колду белге таянып, денени түз кармап, башты өйдө көтөрүп, тамандын сырткы капталы менен 1-2 мүнөт басуу керек.

Эки бутту бириктирип түз турабыз, эки колду бир убакытта алдыга көтөрүп дем алып, колду түшүргөндө дем чыгарабыз.

Денени оң жакка бурганда колдорубузду сол тарапка көтөрөбүз. Денени сол тарапка бурганда колдорубузду оң жакка бурабыз. Тизе бүгүлбөшү керек.

Бутту ийиндин кеңдигинде ачып, колду алдыга сунуу менен жерге карай ийилебиз.

Башты чалкалатпай түз кармап, колду бөйрөккө таянып, денени айлантуу зарыл.

Колду алдыга көтөрүү менен дем алып отурабыз, кайра дем чыгарып турабыз.

Чалкабыздан түз жатабыз. Эки бутту тең өйдө көтөрүп дем алабыз, дем чыгаруу менен кайра түшүрөбүз.

Чалкабыздан жатып, жамбашты өйдө көтөрүп, кайра түшүрөбүз. Бул 4-6 жолу кайталанчу көнүгүү.

17 жумадан 31 жумага чейинки сунушталчу көнүүгүүлөр:

Эки далыны артка тартып дем алып, далыны калыбына келтирүү менен дем чыгарабыз.

Дагы деле 17 жумага чейин жасап келгендей колду бөйрөккө таянып, тамандын сырткы капталы менен 1-2 мүнөт басабыз.

Чалкабыздан жатып, эки колду эки жакка сунуп, улам бир колду экинчи колго тийиштиребиз.

Колду бөйрөккө алып түз жатып, эки бутту шайтан араба тээп бара жаткандай айлантуу зарыл.

Оң каптал менен түз жатып, эки колду башка жаздап, бутту алдыга 5-6 жолу көтөрүү керек. Бул көнүгүүнү кайра сол капталга оодарылып жатуу менен кайталайбыз.

Таякчаны эки колдоп алдыга кармап, денени оңго-солго бурабыз. Оң жака да, сол жакка да төрт жолудан.

Бутту ийиндин кеңдигинде ачып, белди бүкүрөйтүп, далыбызга таякчаны коңбуз. Анан таякчаны жерге түшүрбөстөн денени акырындан 4 жолу айлантабыз.

Эки кол менен таякчаны таянып, денени түз кармоо менен жамбашты 5-6 жолу айлантуу кажет.

32 жумадан төрөгөнгө чейин көнүгүүлөр:

үстөлгө отуруп колду тизеге коюп, анан эки колду эки жакка жайып, кайра тизеге алып келебиз.

үстөлдүн кырын кармап, бутту ийиндин кеңдигинде ачып, 4-5 жолу отуруп-турабыз.

үстөлгө отуруп, колду тизеге коюп, оңго-солго кыйшаябыз.

үстөлдүн кырын кармап, улам бир буттун учу менен 7-8 жолу турабыз.

үстөлдүн кырын кармап улам бир буттун учу менен туруп, тизебизди бүгөбүз.

үстөлгө отуруп, улам бир бутту оңду, солду карай көтөрөбүз.

Эки тизебизди бүгүп чалкабыздан жатабыз да, колубуз менен жер таянып жамбашыбызды 4-5 жолу өйдө көтөрөбүз.

Болочок энелерге пайдалуу кеңештер

Сырткы кийим тандоодо...

Сырткы көйнөк кадимки өлчөмүңүздөн эки өлчөмгө чоң болушу кажет.

Териге жагымсыз маанай бербеш үчүн дайыма үтүктөлүүгө тийиш.

Көйнөктүн сыртынан эч кандай кур тагынбоо керек.

Синтетикасы көп, абаны жакшы өткөрбөгөн кездемеден көйнөк кийүү туура эмес. Анткени дене дем ала албай кысылат.

Бут кийим тандоодо...

Бут кийимди тандоодо сырткы кийимдей эле 1 же 2 өлчөмгө чоң алыңыз. Анткени көпчүлүк айымдардын таманы сөзсүз шишийт.

Салмактын оорлошунан улам басууда бутка көп күч келет. Ошондуктан бийик такалуу бут кийим сунушталбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!