Баланы белек берип алдабаңыз!

17-Ноя. 2017, Жума, 11:27

Бүгүнкү күндө ата-энелер болгон убактысын жумуш менен же интернет желенин кайырмагына илинип убактыларын бекер өткөрүп, балдары менен бирге болууга убакыт таппай жатышат. Бул кемчиликтерди ар бир ата-эне түшүнөт. Эми ошол аракетин балдарынын алдында кантсе да жууп, тазалагысы келеттир. Кантип? Белектер менен! Бүгүн бул нерсени алып берем, эртең башкасын алып берем деп баланын көңүлүн алдап сооротушат. Бала менен бирге өзүлөрүн да алдап-соолашат.

Белектерди алган баласынын кубанганын көргөн ата-эне кетирген кемчилигинин ордун толтуруп таштадым деп көңүлү жай ала баштайт. Көрсө мунун баары бекер экен. Ылайыктуу оюнчуктар менен белектерди алып берүү табигый дүнүйө экенин айтпасак да түшүнүктүү чыгаар. Биздин айталы дегенибиз баласына деген көңүлүн, мээримин, жалпы эле карым-катнашын белектер аркылуу билдирүүнү адатка айланткан ата- энелер тууралуу.

Анын төмөндөгүдөй үч кемчилиги бар:

Балага оюнчуктан көрө, бир убакыт ата-энеси менен бирге көңүлдүү өткөргөнү артык. «Ата-эненин бала менен сырдаша билүүсү, аны менен бирге ойноп, бир маселе чыкканда бирге ой жүгүртүп «акылдашып» чечип, ал чечимге баланы кубаттап куттуктоо, керек болсо кээде мактап туруу балага өтө керектүү витамин болуп саналат» - дейт ушул тармакты изилдеген адистер.

Бала менен ата-эне ортосундагы үнсүз түшүнүштүк менен улануучу алгачкы тепкичтер ушул кезден башталат экен. Андай болбогон учурда бала эрезеге жеткенде да ата-энеси менен түшүнүшүү кыйынга турат. Ошондуктан эң аз дегенде уктаар алдында ойлоп тапсак да жомок айтып, балабыз менен жакын боло билүүбүз керек.

Эгер бул жаман адатты уланта берсеңиз баланын ата-энеге койгон талаптары арта берет. Бала муну адат кылып алып, ата-энесинин алсыз жерин бекем кармап, сураган нерсесин алдырат. Жер тепкилеп ыйласа болду биринин артынан бири келе берет. Анын үстүнө бул психология, чоңойгон сайын чоңураак талаптар коюла берет. Өз үй-бүлөсү болсо да чоң үйгө жалтактап моюн созуп келе берген жалкоолор ушулардан чыкса керек.

Ошондуктан баланы белек берип алдаганды коюп, башкача ыкмага көчүү керек. Башкача ыкма дегенибиз бала сизди түшүнүүсү кажет, түшүндүрө билиңиз, ал алыста отуруп пүльт менен башкаруучу сыналгы эмес, жакындан, жанынан табылыңыз. Түшүндүрүңүз, сырдашыңыз. Убакыт бөлүңүз. Өзүңүздү да алдабаңыз, жандуу балага жансыз куурчактар шерик боло албайт, карым-катнаш эрежелерин үйрөтө албайт.

Орду менен болбогон белек баланы ар нерсенин ордун, кадырын билбеген жанга айландыруусу мүмкүн. Андай бала сабактан алган сыйлык менен ыйлактап жатып алган белектин айырмачылыгын ажырата албай калуусу ыктымал. Сыйлык балага талпынууну, жаңы жетишкендиктерди сыйлайт. Жалпы белектин баасы анын баасынан алда кайда жогоруу турарын баарыңыздар билесиздер. Бала да ушуну сезүүсү тийиш. Эмне көп болсо, ошонун кадыры болбостугу жашоонун мыйзамы эмеспи, ошого байланыштуу ирети менен болсо дейбиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!