Кош бойлуулук учурундагы туура тамактануу

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 10:00

Өзүңүздүн кош бойлуу экениңизди билген күндөн баштап сиздин ар бир кыймыл-аракетиңиз болочок балаңызга түздөн-түз таасир этерин унутпаңыз. Ал эми сиздин 40 жума бою жеген тамак-ашыңыздан балаңыздын акыл-эсинин өнүгүшү, ден соолугу, кыскасы, бүтүндөй жашоосу көз каранды. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айында баланын органдарынын баары калыптанып бүтөт, андыктан, дал ушул учурда жеген тамагыңыздан көп нерсе көз каранды.

Кош бойлуу аялдарга сунуш кылынган азыктар:

- эт (майсыз), тооктун эти

- балык

- жумуртка (сууга бышырылган, куурулган)

- жашылча-жемиштер

- жемиштердин кактары

- сөөктүү жемиштер

- семичке (күн караманын, ашкабактын)

- буурчак өсүмдүктөрү (төө буурчак, жашыл буурчак)

- бардык сүт азыктары

- кара нан

- көк чай

Кош бойлуу аял эмнени эске алууга тийиш?

- Күнүнө 5-6 жолудан, бирок аз-аздан тамактанууну;

- Күн тартиби боюнча эмес, ачка боло баштаганда тамактанууну;

- Шашпай, тамакты майда чайнап, китеп окубай, телевизор көрбөй жагымдуу кырдаалда тамактанууну;

- Жатарда өтө тоюп албоону;

Сунуш кылынбаган азыктар:

- консерва

- ышталган колбаса

- козу карын

- ак нан, кондитердик азыктар

- кофе

- какао, шоколад

- балмуздак

- спирт ичимдиктери

- цитрус жемиштери, кулпунай, малина.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!