Жакшы баланы кантип тарбиялайбыз?

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:57

Балаңыз менен келишип, компромисске барууну үйрүнүңүз. Каалабай жаткан нерсесин жасоого кыйнабаңыз.

Балаңызды сүйүүнү, ага өзүңүздүн сезимдериңизди билдирүүдөн коркпоңуз. Анын эмнеси сизге жагаарын өзүнө айтып туруңуз. Көбүрөөк кучактап, өбүңүз. Жөн гана башынан сылап койгонуңуз, балага сиз аны сүйгүнүңүздү түшүндүрөт.

Өзүңүзгө балаңыз менен күбүрөөк убакыт өткөрүүгө жол бериңиз. Бардык маселелерди унутуп, балаңыз менен ойноңуз, күлүңүз. Балаңызга жакындоо менен сиз аны жакшы түшүнөсүз.

Ачууңузду балаңыздан чыгарбаңыз. Эгерде жетекчиңизден катуу сөз уксаңыз, ага бала күнөөлүү эмес. Ансыз деле балдар ата-энесинин маанайына өтө сезимтал келишет.

Балаңызга койгон талаптарыңыз так, даана болууга тийиш. "Болбойт" деген сүздү көп колдонбоңуз.

Балага көбүрөөк эркиндик бериңиз: ал урушуп кеткен достору менен өзү жарашууга, сабактан тышкаркы кошумча ийримдерди өзү тандоого толук укуктуу.

Баланын өз алдынчалуулугуна көбүрөөк маани бериңиз. Кичинесинен баштап өзү кийинип, оюнчуктарын өз ордуна коюуга үйротүңүз. Бирок, кыймыл-аракет жагынан гана эмес, ой жүгүртүү жагынан да өз алдынча болууга тийиш.

Балаңыздын башкаларды таарынтуусуна жол бербеңиз. Кокусунан ал өзүнөн кичине баланы уруп койсо, күлгөндүн ордуна олуттуу түрдө балаңызга нааразылыгыңызды билдириңиз.

Эгерде балаңыздын сизди сыйлашын кааласаңыз, биринчи өзүңүз аны сыйлаңыз.

Балаңызды уга билиңиз, ар бир сүйлөмдөн кийин өз пикириңизди айтууга шашпаңыз.

Сиздин асанкайгылыгыңыз, депрессияңыз, коркоктугуңуз балаңызга өтөт. Андыктан, өзүңүздү туура алып жүрүүнү билиңиз.

Балаңыздан башка адамдын кемчилигин издебеңиз ("Атаңа окшоп колуңдан эч нерсе келбейт!").

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!