Бала өлүү төрөлбөшү үчүн кантип уктоо керек?

19-Дек. 2017, Шейшемби, 14:22

Окумуштуулар кош бойлуу кезде аялдардын кандай туура уктоолору керек экенинин айтышты.

Адистер кош бойлуулуктун акыркы учурларындагы кээ бир туура эмес жатып алуунун кесепетинен курсактагы баланын өлүү төрөлүшү мүмкүн экенинин билдиришти.

Манчестер университетинин изилдөөчүлөрү эне менен баланын өмүрү коопсуз болуусу үчүн төшөктө туура жатуу керек экенин аныкташты. Изилдөөгө 1 миңден ашык аял катышкан. Алардын 291нин баласы өлүү төрөлгөн. Өлүү төрөлгөн балдардын энелери кош бойлуулуктун акыркы күндөрүндө көбүнчө чалкасынан жатып уктушкан.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, кош бойлуулуктун 28 жумасынан кийин эне чалкасынан жатып уктаса, баланын өмүрүнө эки эсе коркунуч туулат. Ал эми кыры менен жатып уктаса эч кандай зыян тийгизбейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!