Бала какаган кезде эмне кылуу керек?

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 16:01

Колуна кармаган нерсени оозуна салган балдар белгисиз нерсени оозуна салып алган кезде дем ала албай, какап калуусу мүмкүн. Баланы калыптуу дем алуусу үчүн тамагына кеткен затты дароо чыгарууга аракет кылуу керек.

Мындай учурда балага кандай жардам көрсөтсө болот? Бала кичинекей наристе болсо, буттарын бириктирип кармап, баланын башын төмөн каратып, анын ийиндеринин ортосунан 3-4 жолу уруп, сыйпалоо керек. Ал эми андан чоңураак балдарды ичи менен эки буттун үстүнө жаткырып, аркасынан (төмөндөн жогору карай) алакан менен ылдам уруу керек. Өпкөсүндөгү абанын бир заматта сыртка чыгуусу менен тамакка туруп калган зат да чыгышы мүмкүн.

Чоң балдарды колтугунун астынан кучактап туруп, колдорун бириктирип, каттуу кысып силкүү керек. Буларды жасап жатканда баланын оозун карап туруу кажет. Эгер бөтөн нерсе көрүнсө, кол менен дароо алып таштаңыз. Бирок колду тамактын ичине терең киргизбеген оң.

Тик турган баланын аркасынан урууга болбойт. Анткени жуткан затты андан да төмөндөтүп, жагдайды кыйындатып алууңуз мүмкүн. Жогорудагы аракеттерден кийин жуткан зат чыкпаса, дароо тез жардам чакыруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!