Балага күндө берилүүчү суроолор

2-Фев. 2018, Жума, 11:45

Жазуучу психолог Джейми Харрингтон балага күндө берилүүчү маанилүү суроолордун жообу кандай болоорун маалымдады. Алар төмөндөгүлөр:

1.Сенин бүгүнкү күнүн кандай өттү?

Эгерде балаңызга коюлган суроо жакпаса же, жооп бергиси келбесе кыйнабаңыз. Ал эми кийинки күнү айтса койсо өз эрки. Өзүңүз бүгүнкү менин күнүм мындай өттү деп айтсаңыз, уялчаак туюк балдардын өзү жан дүйнөсүндөгү бүт сырын айтып берет.

2.Сенин досторуңдун абалы кандай? Кандай жүрүшөт?

Сиз балаңыздын өзүнүн дос тутуп жүргөн досунун абалы кандай деп сураңыз. Же болбосо жалпы досторун сураңыз. Досторунун ичинен сага кимиси көбүрөөк жагат? Кайсы досуң менен мактана аласың? Кайсы досуң сага көбүрөөк кубаныч тартуулайт? Бул суроолорду ар түрдүү учурларда колдонуп көрүңүз.

3.Бүгүнкү күнүбүз сага жактыбы же кандай өттү?

Эгер сиз күнүңүздү балаңыз менен өткөрсөңүз. Планыңыз киного же башка дагы жерлерге баруу менен өткөрө турган болсоңуз, анда балаңызды кубантуучу, кыялында баргысы келген жерге алып баруу менен өткөрүңүз. Бул бала үчүн пайдалуу жана анын оор абалдан чыгуусуна жардам берет.

4.Менин сага жардамым керекпи?

Балдар кыйналган учурларда сизден жардам күтөт. Балаңыз менен бирге сабак окуп, өз бөлмөсүн жыйноого жардам бериңиз. Балаңызга ар кандай учурда кол созуп жардам берүүгө даяр болуңуз. Сиздин жардам берүүгө даяр экениңизди түшүнсүн.
Кыйынчылык түшкөн учурларда ызы-чуу чыгарбаңыз. Кыскача айтканда, балаңыз менен бирге кыйындыктарды чечүүгө кадам жасаңыздар.
Кеңеш:
Балаңыз сиздин маанайыңыз жок учурда жардам сурап кайрылса же бир нерсе айткысы келсе, жөн гана балаңызга кийин ©уйлөшөбүз деп түшүндүрүңүз. Балаңызды кучактап же колунан кармап алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!