Бала сасык тумоо болбошу үчүн момпосуй бериңиз

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 10:48

Балаңыз сасык тумоо тартып калса, дары ичүүдөн баш тартып, ыйлап, тынчы кетиши мүмкүн. Анын үстүнө, балага кичинекей кезинен баштап дары-дармек берүү организмине зыян келтирет. Сасык тумоону дарысыз да айыктырууга болот. Ал эми балдарга арнап, тумоодон айыктыруучу момпосуй даярдоонун жолун сунуштайбыз.

Курамы:

- 250-300 гр бал;

- майдаланган имбирь.

Бал менен имбирди жакшылап аралаштырып, жай отко 1,5-2 саат кайнатабыз. Кайнап жаткан аралашманы даяр болгончо аралаштырып туруңуз. Даяр кошулманы тегиз идишке куюп, муздаткандан кийин бөлүктөргө бөлүп алыңыз. Же болбосо үйүңүздө конфет, муз даярдоого арналган силикон идиштер болсо, конфетти жеңил алуу үчүн идиштерге өсүмдүк майын сүйкөп, аралашманы куюп чыгыңыз. Муздагандан кийин даяр конфетти идиштерден чыгарып алыңыз.

Аралашманы жарым чай кашык лимон ширесин куйсаңыз да болот. Баланы кызыктыруу үчүн таякчасы бар конфеттерди даярдаңыз. Балаңызга күнүнө 2-3 конфеттен берсеңиз, кандай айыгып кеткенин байкабай каласыз. Эң башкысы колго жасалган, курамында зыяндуу кошулма жок экенинен күмөн санабайсыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!