Аталарга бала тарбиялоодо кеңеш

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 16:02

Азыркы коомдо кыз сыяктуу жигиттер көп. Себеби алардын көз алдындагы үлгү болуучу эне-эжелери, мугалимдер да аялзаты. Атасы чыныгы эркек кылып, баласын аскердик тартип менен тарбиялабаса, абал оор.

1. Адамдар менен саламдашканда, бетме-бет сүйлөшкөндө, көзүнө тик кара. Колун кармап салам бергенде, ишенимдүү бол.

2. Ата-энеңди сыйла.

3. Кызматыңа жоопкерчилик менен кара. Эсиңде болсун: дүйнөдөгү баардык жумуш маанилүү. Бирөөнүн кызматтык абалы төмөн болсо, кемсинтпе.

4. Алдыңдагы ишти жасай алаарыңды билсең, өзгөнүн тынчын алба. Анткени бул менен көп нерсеге кол жеткизесиң.

5. Кайрымдуу бол. Колуңдун келишинче, адамдарга жардам бер.

6. Кыздарды жана алардын тандоосун сыйла. Алардын ичинде келечектеги жарың болушу мүмкүн.

7. “Айтылган сөз, аталыган ок демекчи” айткан сөзүңө бекем бол.

8. Салмактуу бол. Эр бол.

9. Эркек киши дене түзүлүшүнө да маани берүүгө тийиш. "Курсак байлоо" эч кимге пайда алып келбейт.

10. Ар дайым акылыңа акыл кош. Билимдүү бол.

11. Кийим кийүү маданиятын сакта: шымдын узундугу согончоктон ашпоосу тийиш. Пиджактын жеңи көйнөктүн мажетин жаппаш керек. Галстук курга чейин түшүп турганы оң. Бутуңа кийген байпагың отурган кезде балтырды жаап турушу керек. Курду бут кийимдин түсүнө окшоштуруп тандоо кажет.

12. Эгер жекеме-жеке чыкканда качуу мүмкүн болбосо, биринчи болуп ур жана бар күчүң менен жеңгенге чейин. Жөн гана муштум атаандашыңа сенин алсыздагынды билдирип коёт.

13. Назик жандарга эч качан жана таптакыр кол көтөрүүгө болбойт.

14. Жалкоолугуңду өзүң тый. Адамзат тарыхында эч ким эринчээктик менен жеңишке жеткен эмес.

15. Сенин жаныңда кыз бала өзүн жайлуу сезүүсү тийиш.

16. Үй-бүлөнү камсыз кылуучу бул эркек киши. Бул – анан милдети.

17. Бирөөгө карыз берсең, ойлонуп бер. Ал эми акчаны бергенден кийин өкүнүп калба.

18. Болбоду дегенде кайсы бир тармакта чебер бол. «Мен бул нерсени жасай аламын» деген тиричилигиң болсун.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!