Кош бойлуу кезде зарна болуу эмнеге алып келет?

16-Март 2017, Бейшемби

Кош бойлуу убакта зарнага каршы дары ичкен айымдардын балдары астма оорусуна көбүрөөк кабылышат.

Азыркы убакта зарна болгон учурда ичип жаткан дары-дарымектер кош бойлуу маалда ичүү кооптуу эмес. Бирок изилдөөлөрдө далилденгендей бул дарылар жаңы төрөлгөн балдарда астма оорусун пайда кылаары айтылат.

Кош бойлуу маалда айымдар көп кабылган көйгөйлөрдүн бири бул зарна. Ал көйгөйгө 10 аялдын сегизи кабылышат. Зарна - кызыл өңгөчтөгү, өзгөчө анын төмөнкү бөлүгүндөгү кыжылдоо сезими. Карындан кычкыл суюктук кызыл өңгөчкө өтүп кеткенде оозго жагымсыз кычкыл даам келет. Зарна ашказан маңызынын кычкылы көбөйүп же төмөндөп кеткенде, туз кислотасы такыр жок болуп кеткен учурларда байкалат. Кээде адам өз нормасынан ашыкча тоё жеп алганда же тамактанган соң сиңирбей туруп жатып алганда, ашказандын ар кандай ооруларында жана кош бойлуулукта зарна пайда болот.

Кош бойлуу убакта гормондордун өзгөрүүсүнөн жана жатындын чоңоюшунан келип чыгат. Эмне үчүн дарылар балага зыян? Анткени ал ашказан кислотасын чыгуусуна жолтоо болуп, түйүлдүктүн иммундук системасына таасир берет. Бул факторлор астманын пайда болушуна алып келет.

Финляндиядагы Эдинбург университетинин жана Тампере университетинин окумуштуулары буга чейинки сегиз изилдөөнү карап чыгышкан. Аларда 1,3 миллион баланын ден соолугу каралган. Тажрыйбада далилдегендей кош бойлуу кезде зарнага каршы дары ичкен айымдар балдарын минимум үчтөн көп жолу астма оорусу менен доктурларга кайрылышкан.

Дарыларды дарыгердин көзөмөлүүсүз ичүүгө болбоорун эскерте кетсек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!