Балага пайдалуу тамак-аштар

16-Март 2017, Бейшемби

Баланын ден соолугу менен анын аң-сезимине кам санаган ата-энелер үчүн аларга пайдалуу азыктар туурасында сөз баштасак. Баланын ден соолугуна жана анын акылдуу болуп өсүүсүнө пайдалуу тамактар төмөнкүлөр:

Балык

Балык баланын мээсине пайдасы мол. Балыкты балага жашылча жемиштер менен кошуп берүүгө болот.

Жумуртка


Жумуртканын сарысы эс тутумду жакшыртат. Балага жумуртканы кайнатып да, кууруп да берүүгө болот.

Жержаңгак майы

Жер жаңгактын курамында Е витамини бар. Бул майды жаңы бышкан ысык нанга сүйкөп жеген жакшы.

Дан азыктары

Дан азыктарынын курамы глюкоза жана В тобундагы витаминдерге бай келет жана булардан түрдүү булакмыктарды жасап берсе жакшы.

Жемиштер

Кулпунай, чие, бүлдүркөн, карагат сыяктуу жемиштердин курамында зыяндуу шишик ооруларын алдын алуучу пайдалуу заттар бар.

Буурчак

Буурчак, нокот, фасоль жана тамакка жараган буурчак түрлөрүнүн пайдасы зор. Булардан түрдүү шорпо жасап ичүүгө болот. Мындан сырткары салаттарга да кошуп даамын арттырса болот.

Жер жемиштер

Кызылча, ашкабак, болгар калемпири, жүгөрү сыяктуу жер жемиштер мээнин иштөөсүнө жана эс тутумдун жакшыруусуна жардам берет.

Сүт азыктары

Сүт, айран, быштак, май сыяктуу сүт азыктарынан баш тартууга болбойт. Балдарыңыз үчүн өз колуңуз менен тамак жасап бергениңиз оң.

Майлуу эмес уй эти

Уй этинен жасалган шорпонун даамы башкача болот. Ошондуктан балага этти кайнатып берген пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!