​1-июнь: доллардын наркы төмөндөдү

​1-июнь: доллардын наркы төмөндөдү
1-Июнь 2018, Жума, 09:31

Улуттук банк берген маалыматка караганда, банктар аралык валюта соодасында доллардын курсу төмөндөп, 1 доллардын орточо наркы 68,41 сомду түздү.

Евронун курсу 0,88 пайызга жогорулап, 1 евро 80,18 сомго бааланды.

Теңгенин курсу 0,38 пайызга жогорулап, 1 теңгенин наркы 0,20 сомду түздү.

Ал эми рублдин курсу 0,87 пайызга жогорулап, 1 рубль 1,10 сомдон сатылууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!