Евронун жаңы үлгүсү жүгүртүүгө кирди

5-Апр. 2017, Шаршемби

Европанын борбордук банкы евро валютасынын 50 купюрасынын жаңы үлгүсүн жүгүртүүгө киргизди. Бул тууралуу “Евронюс” маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Европанын борбордук банкы аталган банкноттун жаңы үлгүсүн 4-апрелден тарта Евробиримдиктин 19 өлкөсүндө жүгүртүүгө киргизди. Банкноттун жаңы үлгүсү менен 2016-жылдын июль айында тааныштырылган.

Жүгүртүүдөгү евронун 50 пайызга жакыны 50 купюрадагы банкноттор. Ал эми жасалма евронун 43 пайызын аталган банкнот түзгөн. Ошого байланыштуу жаңы үлгүсүн чыгаруу зарыл болгон.

50 купюрадагы эски банкноттор жаңы банкноттор менен бирдей колдонула берет. Учурда элдин колунда 19 млрд. даана 50 банкнот бар. Ал эми жаңы үлгүсү 6,5 млн. даана чыгарылган.

Эски үлгүсүЖаңы үлгүсү


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!