Банк кызматкери депозит эсебин ачууга 1,2 млн сом алган

Банк кызматкери депозит эсебин ачууга 1,2 млн сом алган
25-Сен. 2018, Шейшемби, 13:54

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финнансы полициясы) өлкөдөгү банктарынын биринин кызматкери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеме “Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабаралды.

Ага караганда, 2016-жылдын октябрынан 2018-жылдын июнуна чейинки мезгилде “А.” банкынын аманат кассасынын башчысы “Ж.А.” аттуу жаран өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, жарандардын ишенимине кирип алып, акча салымынын жасалма китептерин берүү менен депозиттин жасалма келишимдерин тариздеп, депозит эсептерин ачуу түрүндө 1 миллион сомдон көп суммадагы акча каражаттарын алган. “А.” банкынын жооптуу адамынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында жарандарга жалпы суммасы 1 миллион 289 миң сом өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген. Ушул жылдын 18-сентябрында бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 221-беренелеринде (коммерциялык уюмдун кызматчысы кызматтык абалын кыянат пайдалануу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)