18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды

18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
26-Сен. 2018, Шаршемби, 12:00

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Нарын шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери “К.” Ачык акционердик коому жана №8 жол-эксплуатациялык ишкананын жооптуу адамдары тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы «Zaman Kyrgyzstan» маалымат агенттигине кабарлады.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2016-жылдын май айында Жол чарбачылыгы департаментинин №8 ЖЧД жол-эксплуатациялык ишканасы менен “К.” ААКнын ортосунда жалпы суммасы 38 миллион сомдон көп көпүрө өтмөгүн куруу жөнүндө келишим түзүлгөндүгү аныкталды. Көпүрө өтмөгүн куруу келишиминин шарттарына ылайык, 8-11-М-1 деген атайын иш долбоору боюнча ишке ашышы керек болчу жана аванс алгандан тартып 7 календарлык күндүн ичинде башталышы керек эле. Бирок ЖЭИнин жооптуу адамдары келишимди бузуп, “К.” ААКнын эсебине 17 миллион 690 миң сом суммадагы акча каражаттарын которгон, муну менен бирге “К.” ААК көпүрө өтмөгүн кургандын ордуна түзүлгөн келишимдин шарттарында каралбаган “САРМ” деген орточо автомобиль көпүрөсүн орноткон. Азыркы убакта “К.” ААК долбоордун документтерине ылайык көпүрөнү куруу боюнча иштерди баштай элек.
Ошондуктан, “К.” ААКнын жана №8 ЖЭИнин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 17 миллион сомдон көп өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" жана "коммерциялык уюмдардын кызматчылары кызматтык абалын кыянат менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)