Сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валютабы?

Сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валютабы?
27-Сен. 2018, Бейшемби, 16:14

Кыргызстан эгемендик алгандан бери анын улуттук валютасы болгон сом өзүнүн 25 жылдык тарыхый жолун басып өттү. Акыркы жылдарда сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валюталардын бирине айланды. "Улуттук валютанын туруктуу кармалышынын себептери кандай, элдин жана чакан бизнестин сомго карата ишеними канчалык?" деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

Сомдун туруктуу сакталышы мамлекеттин жана финасылык сектордун кийлигишүүсү менен ишке ашууда. Улуттук банк долларды же болбосо сомду сатып алып валюталык интервенция жасоо менен Кыргызстандын каржылык системасын силкинүүдөн сактап калууда. Экономика боюнча эксперт Искендер Шаршеевдин айтымында, сомдун туруктуу кармалып турушуна бир нече факторлор таасир берет.

“Кыргызстан эгемендүү өлкө болуп, өзүнүн валютасын чыгарганда сомдун курсун күчкө салып кармабай, бошоткон болчу. Анын аркасы менен ушундай болду десек болот. Ал эми башка өлкөлөр валютасынын курсун күч менен кармап турган. Ал биздин өлкө ээн-эркин кое берген. Аны менен бирге биздин мамлекет интервенция деген сыяктуу ыкмаларды колдоно баштаган. Андан сырткары Улуттук Банк тең салмактуулук саясаттын карманат. Мисалы үчүн валюта менен иштешкен институттарга кандайдыр бир эрежелерди берүү менен сомдун курсу сакталып калган”,- деп белгиледи эксперт.

Банк кызматкери Курманбек Абдысейит уулу маалымдагандай, сомдун туруктуу кармалып жатышы Улуттук Банктын туура жүргүзгөн саясаттына байланыштуу болууда.

“Сомдун туруктуулугу талап жана сунуштун негизинде калыптануучу өзгөрмөлүү алмаштыруу курсунунан улам түзүлүүдө. Алмаштыруу курсунан салыштырмалуу туруктуу динамикасы Улуттук Банктын туура жүргүзгөн акча-кредит саясатынан улам камсыздалууда. Акча алмаштыруу кескин өзгөрүүгө учураган кезде Улуттук Банк кырдаалды жөнгө салган операцияларды жүргүзүп жатат. Экинчиден, "Кумтөрдүн" ишмердүлүгү да биздин сомдун туруктуу болушуна кыйыр түрдө чоң таасирин тийгизет. Себеби, Кыргызстандын экспортунун 50 пайызга жакын түзгөн ишкана аркылуу өлкөбүзгө сырттан АКШ долларынын тынымсыз келип турушу камсыздалып турат. Андан сырткары алтындын дүйнөлүк базарда мунай сыяктуу баасын жоготпогондугу да биздин сомго таасири бар”,- дейт Абдысейит уулу.

Сомдун бекемделиши жана анын курсунун туруктуу кармалышы Кыргыз Өкмөтү менен Улуттук банктын экономикадагы доллардан арылуу аракеттери (дедолларизация) менен дагы түшүндүрүлөт.

“Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курс саясатын жүргүзгөндүктөн, валюталык рыноктогу түзүлгөн кырдаалга жараша валюта курсунун кескин серпилүүсүн жумшартуу жана туруктуулугун сактоо максатында валюталык интервенцияларды өткөрүп турат. Мисалы, алмашуу курсу кескин төмөндөп бараткан учурда Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюталык интервенция өткөрүлөт, ал эми алмашуу курсу өтө жогорулап баратса, чет өлкө валютасын сатуу боюнча операцияны жүргүзөт. Андан тышкары Улуттук банк өз ыйгарым укуктарына ылайык кандайдыр бир валюта рыногунда татаал учурларда, ар кандай иш-чараларды иштеп чыгышы мүмкүн. Мисалы, 2014-2015 жылдары валюта рыногундагы жагдайга жана экономиканын кырдаалына ылайык Улуттук банк менен Өкмөт бир нече иш-чараларды иштеп чыккан. Алардын эң негизгилеринин бири катары чет өлкө валютасындагы милдеттик камдык талаптар өлчөмү жогорулап, тескерисинче, улуттук валютадагы милдеттик камдык талаптар өлчөмү төмөндөтүлгөндүгүн айтсак болот. Ошондой эле чет өлкө валютасындагы потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резерв көрсөткүчтөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатып, улуттук валютасындагы потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резерв көрсөткүчтөрүнүн өлчөмдөрү төмөндөтүлгөндүгүн жана чет өлкө валютасында берилген ипотека кредиттерин улуттук валютага трансформациялоо программасы ишке ашырылгандыгын мисал катары айтсак болот”,-деп маалымдашты Улуттук банктын басма сөз кызматынан.

Сомго карата ишеним канчалык?

Кыргызстандын калкынын жана чакан бизнестин өкүлдөрүнүн улуттук валютага болгон ишеними жогору.

“Кыргызстанда ишкерлердин сомго болгон ишеними жакшы эле. Бирок, ошол эле маалда сомдун долларга болгон наркы жылдын жылга төмөндөөдө. Башкача айтканда, 1993-жылы 1 доллар 4 сом болсо, азыркы учурда 1 доллар 68-69 сомду түзүп жатат. Анын үстүнө Кыргызстанда көбүнчө рыноктук келишимдер доллар менен жүрөт. Бирок, ишкерлер насыяны көбүнчө сом менен алышат. Себеби, башта айткандай доллардын курсу жыл сайын өсүп жатат”,- деп белгиледи бул тууралуу банк кызматкери Курманбек Абдысейит уулу.

“Сом негизи эле ишенимдүү. Башкача айтканда сом эркин валюта. Эркин валюта болгондон кийин албетте эл сомдун кунун кармайт. Эл өзү, экономика өзү кармайт. Экономика өссө, сомдун куну бекемделет. Экономика түшсө, сомдун да куну түшөт. Азыр сом ишенимдүү эле валюта болуп баштады. Бүгүнкү күнү сом орустардын рублинин куну менен тең боло баштады. Ошондуктан Орто Азияда, анын ичинде Казакстан ошол эле Россиядагы мигранттар которгон рублди сом менен түзмө-түз которуп жатат. Мисалы, Казакстандын чек араларында сом менен которо турган күрөөканалар ачылып, сом менен которо башташыптыр. Албетте бул сомго болгон ишенимдүүлүктү көрсөтөт”,- деп кошумчалады бул тууралуу пикирин эксперт Шаршеев.

Эмне үчүн депозитти сом менен ачуу керек?

Бишкек шаарынын тургуну Алмаз Сүйүнбековдун айтымында депозитти сом менен ачуу ишенимдүү.

“Мен мындан 3-4 жыл мурда доллар менен бир жылдык мөөнөт менен депозит ачкам. Доллар менен депозит ачып калышыма доллардын курсу кескин көтөрүлүшү себеп болгон эле. Бир доллар 100 сомго чейин чыгат деген айың кептерге ишенип алып, үй сатып алуу үчүн чогултуп жүргөн акчамдын баарына 4 миңге жакын доллар сатып алгам. Ошол кезде бир доллардын баасы 70 сомдон ашып кеткен эле. Анын үстүнө турак үйлөрдүн баасы ал кезде доллар менен эсептелип жаткан. Ошондуктан мен доллардын баасы өсүп кете электе деп, доллар сатып алып, депозит ачкам. Бирок, бир жылга ачкан депозиттен эч кандай пайда тапкан жокмун. Себеп, доллардын курсу мен сатып алган убактан баасы түшүп кетти жана үйлөрдүн баасын сом менен сатуу жана сатып алуу деген түшүнүктү мамлекет киргизип койду. Ошентип мен айың кептерден улам сатып алган доллардан пайда да, зыянда көргөн жокмун. Эгер сатып алган долларды депозитке салбай, үйгө катып койсом анда зыян тартмакмын. Бирок, доллар менен депозит ачсаң доллардын курсу гана көтөрүлүп кетип пайда көрбөсөң, доллар менен салган депозиттин үстөк пайыз деле жыргатарлык эмес экен. Ошондуктан долллар менен ачкан депозитимдин мөөнөтү аяктары менен долларды сомго алмаштырып, кайра сом менен депозит ачтым. Азыр сом менен ачкан депозиттин үстөк пайызыда доллар менен ачкан депозитке караганда пайызы жогору. Анын үстүнө азыр доллардын баасы көтөрүлүп же түшүп жатканы мени көп кызыктыра бербейт. Ошондуктан сом менен депозит ачуу мен үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу экен деп калдым”,- деген пикирин билдирди Сүйүнбеков.

“Депозит ачууда сомго болгон ишенич жакшы эле деп ишенимдүү түрдө айтсак болот. Кыргыз сому туруктуулугу боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Сом менен депозит ачсаң тобокелчилик азыраак. Муну көп киши жакшы түшүнө бербейт. Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын Депозитти коргоо агенттиги тарабынан кепилденип, үстөк пайыздары менен 200 миң сом төлөнүп берилет. Ошондой эле чет өлкөлүк валюта менен ачса анда курстун өзгөрүлүп кетүү тобокелдиги бар экенин эстен чыгарбаш керек”, - деп кошумчалады Абдысейит уулу.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы банктар Улуттук Банктын саясаты менен биргелешип жатса, бир четинен базардын талабына жооп бергенге аракет кылып, банктар сомго муктаж болуп жатат. Эгерде кимдир бирөө депозит ачса ага үстөк пайызы көбүрөөк берет. Ал эгер доллар менен депозит ачса, ага үстөк пайызы азыраак берет. Башкача айтканда айрым банктарда сом менен ачылган депозиттин эң жогорку үстөк пайызы 15-16 пайыз чейин чыгып кетсе, а доллар менен азылган депозиттин үстөк пайзы болгону 8-9 пайызды түзөт. Андан сырткары бизде мыйзам боюнча бир гана сом менен иш алып барыш керек. Анан банктарда сомго болгон муктаждыктар өсүп кеткен. Анан банктарда сомго муктаждык болуп, сомду алганга аракет кылууда. Негизинен экономиканы ары бери жылдырыш үчүн сом колдонулат. Ошондой эле Улуттук Банктын туура жүргүзгөн саясаттынан улам сом өзүнүн туруктуулугун сактагандыктан сом менен депозит ачууда кооптуулук жок десек болот. Эң негизинен базар өзүнүн сомго болгон муктаждыгы болот. Ошонун эсебинен доллар менен депозиттер көп болуп, сом менен депозиттер аз болуп кетип, мыйзамды аткарыш үчүн банктар сомго муктаждыгын көрсөтүп, аны менен иштешип, алганга аракет кылып жатат”,-деп кошумчалады Шаршеев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!