Финансы полициясы жемкорлордон 6 млн сомдон ашык акча өндүрдү

Финансы полициясы жемкорлордон 6 млн сомдон ашык акча өндүрдү
1-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 11:18

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 6 миллион 575 миң 268 сом өлчөмүндө акча которду.

Мекеменин маалыматына ылайык, Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 172 миллион 659 903 сомду түзгөн. Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!