​Бюджеттен маянага 20,7 млрд. сом бөлүнгөн

​Бюджеттен маянага 20,7 млрд. сом бөлүнгөн
3-Окт. 2018, Шаршемби, 14:47

Бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасы үчүн 20,7 млрд. сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 9 айында бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 93 млрд. 69 млн. 983,6 миң сом суммасында ишке ашырылган. Анын ичинен маянага 20 млрд. 745 млн. 498,2 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 6 млрд. 45 млн. 107,9 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 39 млн. 601,5 миң сом бөлүндү.

Ал эми “Имараттар жана курулуштар” беренеси боюнча чыгымдар 7 млрд. 86 млн. 368,5 миң сомду түздү. Мамлекеттик карызды тейлөөгө 18 млрд 802 млн 163,4 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!