77 млн сом бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

77 млн сом  бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
5-Окт. 2018, Жума, 10:37

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде (бажы төлөмдөрүн төлөөдөн четтөө) каралган кылмыштын белгилери боюнча мурун козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, “К.Т.” ЖЧК тарабынан мамлекеттик бюджетке 77 миллион сом суммасында өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин аныкташты.

Аталаган кызмат «Zaman Kyrgyzstan» маалымат агенттbгине кабарлагандай, “К.Т.” ЖЧКнын жетекчилиги баасы 9 миллиондон көп АКШ доллар болгон элдик керектөөдөгү товарларды (пластмасса куйманы) даярдоо боюнча атайын кымбат баалуу жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагына кошумча нарк салыгын (КНС) төлөбөстөн Прибалтика өлкөлөрүнөн ташып келип жатышканы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 259-беренесине (импорттолуучу негизги каражаттарды бошотуу) ылайык - КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүчү негизги каражаттар, КНС төлөөдөн бошотулат. Бирок, кара ниет адамдар салык мыйзамдарынын жогоруда аталган КНСти төлөөдөн бошотуу ченемин колдонушуп, ташып келген жабдууларды өндүрүштүк максаттар үчүн колдонбостон, кайра сатуу жана 77 миллион сом суммадагы КНСти төлөөдөн четтөө максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кетүүнү пландап жатышкан. Муну менен бирге, “К.Т.” ЖЧКнын жетекчилиги тарабынан аталган жабдуулар ташылып келингенден бери түшүрүлгөн эмес жана колдонулган эмес. Натыйжада ЭККМКнын кызматкерлери жашырылган кылмыш предметтерин табуу жана алуу жолу менен тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөндө өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүн четтөөнүн аталган схемасы аныкталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды