Акча алмаштыруучуларга 1,5 млн. сом айып салынды

Акча алмаштыруучуларга 1,5 млн. сом айып салынды
6-Окт. 2018, Ишемби, 13:49

Улуттук банк Ош жана Баткен облустарында лицензиясы жок акча алмаштырган 15 адамга административдик жоопкерчиликке тартып аларга айып салды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Маалыматка караганда, административдик жоопкерчиликке тартылгандар тиешелүү документтери жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырышкан.

Улуттун банктан билдиришкендей, салынган айыптын суммасы 1,5 млн. сомду түзгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!