Салык кызматкери 200 миң сом пара алып жатканда кармалды (видео)

Салык кызматкери 200 миң сом пара алып жатканда кармалды (видео)
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 11:02

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы салык кызматынын кызматкеринин 200 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылган фактысын аныктады.

Финансы полициясы “Zaman Kyrgyzstan ”маалымат агенттигине кабарлагандай, “Ж.С.” деген ишкерден Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айыптык санкцияларды салам деп коркутуп, маселени ишкердин пайдасына чечип берем жана мындан ары коргоп турам деп, ишкерден 200 миң сом өлчөмүндө “пара” талап кылган фактысы боюнча арыз түшкөн.

ЭККМК чогулткан материалдар боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. 2018-жылдын 3-октябрында ЭККМКнын кызматкерлери козгогон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жалал-Абад шаарында 80 000 сом суммада “паранын” биринчи бөлүгүн алып жаткан жеринен МСКнын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн улук инспектору “О.А.” кармалды.

2018-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын 1-тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндө чараны тандады. Азыркы убакта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрүнөн жана опузалап талап кылууларынан коргоо боюнча бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!