ЭККМК айлана-чөйрөнү булгап, төлөөдөн качкан компанияга чара көрдү

ЭККМК айлана-чөйрөнү булгап, төлөөдөн качкан компанияга чара көрдү
17-Окт. 2018, Шаршемби, 12:27

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында “ТД” жоопкерчилиги чектелген коомдун айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөн четтөө фактысы аныкталганын “Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабарлады.

Өкмөттүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 “Кыргыз Республикасында Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, республикага күйүүчү майды ташып кирүү жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер ведомстволук тиешелүүлүккө жана менчик түрүнө карабастан Айлана-чөйрө фондуна төлөмдү Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо методикасына ылайык төлөшү керек.

Бул материалды карап жаткан учурда «ТД» ЖЧК өндүрүлгөн жана сатылган күйүүчү-майлоочу материалдардын саны боюнча маалымат берилип, ага ылайык токой тармагын коргоо жана өнүктүрүүнүн Чүй-Бишкек-Талас жергиликтүү фондунун эсептери эсептелди. Натыйжада айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдүн 2 миллиондон көп сом эсептөөдөн кийин аныкталды. Мындан кийин аталган ЖЧК айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акча каражаттарын төлөп берди. Ошентип, ЭККМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттин бюджетине 2 миллион 514 618 сом кайтаралып алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!