​КОӨФ: 700 долбоор каржыланды

14-Апр. 2017, Жума

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду берген маалыматка караганда, бүгүнкү күндө фонддун капиталынын 44 пайызы өздөштүрүлгөн.

Бир аталган фонд түзүлгөндөн тарта жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында бүгүнкү күнгө карата жалпы 700 долбоор каржыланган. Жалпы 222 млн. доллар өздөштүрүлгөн. Башкача айтканда фонддун капиталынын 44 пайызы ишке берилген.

Фонддун билдиргенине караганда, аталган фондко кайрылган долбоолордун өсүүсү жаңы иштердин жасалышы менен жана өлкөдөгү банк тармагында жеңилдетилген насыя алууга боло турган 330дан ашык офистердин иштей баштагандыгына байланыштуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!