Номиналдуу маяна 13,7 миң сом

14-Апр. 2017, Жума

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине ылайык Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январындагы номиналдуу айлык акы 13 миң 768 сомду түздү.

Өлкөдө кичи ишканаларды эске албаганда бир жарандын номиналдуу айлыгы 198,5 доллар болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5,8 пайызга өскөн. Айлык акынын эсептелген керектөөчүлүк баа индексин эске алганда реалдуу өсүш 5,3 пайызга барабар.

2017-жылы январь айындагы маянанын номиналдуу жана реалдуу өсүүсү 2016-жылдын январына салыштырганда өсүү темпи төмөндөгөнү айырмаланат.

Өлкөдөгү жалпы айлык алуучулардын ичинен бюджетик жумушчулар 56,7 пайызды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!