​Алтын валюта кору жогорулап жатат

14-Апр. 2017, Жума

Улуттук банктагы алтындын запасынын көлөмү 1 млрд. 630,7 млн. сомго көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, 1-мартка карата алтындын запасы 13 млрд. 440,8 млн. сомго жеткен.

Кыргызстандын вальта кору алтындан тышкары валютанын ондон ашык түрүнөн турат. Алар эл аралык эсептешүүлөрдө жана төлөмдөрдү жүргүзүүдө, төлөм балансынын тартыштыгын жабууда жана улуттук валютанын курсун турукташтырууда колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эскерте кетсек, 1-январга карата өлкөнүн алтын кору 11 млрд. 810 млн. сомду түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!