​20 жана 5000 сомдук өркүндөтүлгөн банкноттору жүгүртүүгө чыгат

​20 жана 5000 сомдук өркүндөтүлгөн банкноттору жүгүртүүгө чыгат
20-Дек. 2018, Бейшемби, 11:52

Улуттук банк 20-декабрдан тарта 2016-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкнотторду жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылы чыгарылган 20 жана 5000 сом номиналындагы банкноттору улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттордун пландуу жаңыртуусун аяктайт.

Жаңы банкноттор мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот.

Улуттук банк билдиргендей, улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына көз карандысыз төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!