Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 10 миллион 626 миң 597 сом өлчөмүндө акча которду.
ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 445 миллион 630 156 сомду түздү. Финансы полициясы тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 254 миллион 287 миң 545 сомду түздү. Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул депозиттик эсепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Башкы прокуратура, Финансы полициясы, жана Ички иштер министрлиги коррупциядан өндүрүлгөн каражатты которууга милдеттүү.