Бирдиктүү депозиттик эсепке 12 миллион сомдон көп акча которулду

Бирдиктүү депозиттик эсепке 12 миллион сомдон көп акча которулду
26-Март 2019, Шейшемби, 15:37

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 12 миллион 968 миң 798 сом өлчөмүндө акча которду.

ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 496 миллион 892 миң 988 сомду түздү.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, бул эсепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Башкы прокуратура, Финансы полициясы жана Ички иштер министрлиги коррупциядан өндүрүлгөн каражатты которууга милдеттүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!